Кыргызгидромети тууралуу эмнелерди билесиз?
26 август

Кыргызгидромети тууралуу эмнелерди билесиз?

КР ӨКМне караштуу Гидрометеорологиялык кызматтын гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоо жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Татьяна ЧЕРНИКОВА Кыргызстандын метеорологиялык кызматы эмне экендигин жана анын улуттук адаптациялоо планын ишке ашыруудагы ролу тууралуу айтып берди.

- КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы же Кыргызгидромет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген орган болуп саналат. Эки жылдан кийин биздин кызмат 100 жылдык юбилейин белгилейт. Негизи Кыргызстан боюнча биринчи системалуу метеорологиялык байкоолор 1856-жылы Ысык-Көлдө Ак-Суу айылында жүргүзүлгөн.
Заманбап Кыргызгидромет - бул метеорология, гидрология, гляциология, агрометеорология, айлана-чөйрөнүн булганышына мониторинг жүргүзүүдөгү комплекстүү иштерди жүзөгө ашыруучу, ошондой эле айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалымат берүүдө өз ара байланышкан борборлордун, станциялардын, посттордун уюштуруу-технологиялык системасы.  

Кыргызгидрометтин көзөмөл тармагы 85 автоматташтырылган станциялардан турат, анын 34үнүн валидация үчүн параллелдүү көзөмөлү бар. Метеорологиялык станциялардын курамына 5 кар көчкү станциясы, Чолпон-Атадагы көл обсерваториясы жана изилдөөчү кемелер кирет. 10 агрометеорологиялык жана 78 гидрологиялык посттор бар, алардын үчөөсүнө автоматтык гидрологиялык комплекстер орнотулган, беш пост көлдөргө жана 23 гидрохимиялык пост дарыяларда жана суу сактагычтарда жайгашкан.

20 метеостанция радиациялык кырдаалга көз салып турат, алардын төртөө атмосфералык агындылардын радиоактивдүүлүгүн аныктайт. Атмосфералык абанын булганышын көзөмөлдөөчү дагы 15 пост бар, анын бири Бишкек шаарынын абасына байкоо жүргүзөт.   

- Бирок эл Кыргызгидрометти аба ырайы тууралуу божомол берип турат деп гана билишет... 

- Анткен менен бул мекеме абдан көп иштерди аткарат. Аба ырайы тууралуу маалыматтан тышкары коркунучтуу жана табигый гидрометеорологиялык көрүнүштөрдү, дарыялардагы суунун деңгээлин жана суу сактагычтарга суунун агымын, көчкү коркунучтарын, агрометеорологиялык божомолдорду, айлана чөйрөдөү жогорку жана экстремалдуу жогорку абанын булганышын божомолдойт. 
 Биз калкты табыгый кырсыктардан сактап, алардан болчу зыяндарды алдын алуу же азайтуу үчүн айлана чөйрөнү мониторингдөө менен алектенебиз. Ошондой эле Кыргызгидромет элге, мамлекеттик органдарга, экономикалык тармактарга гидрометеорологиялык жана айлана чөйрөнүн булганышы боюнча маалыматтарды берип турат. 

- Кандай алдын ала маалыматтарды берээриңиздерди кененирээк айтып берсеңиз. 

- Кыргызгидрометтин болжолдоочу гидрометеорологиялык маалыматы табигый метеорологиялык кубулуштар: үшүк, катуу жаан-чачындар, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, табигый гидрологиялык кубулуштар: анын ичинде сел, суу ташкындары, кар көчкүлөр жөнүндө эскертүүлөрдү сунуштайт. Кыргызстандын аймагы боюнча бир айга абанын температурасынын жана жаан-чачындын аномалияларынын болжолун беребиз.
Гидрологиялык бюллетень Кыргызстандын аймагы боюнча апрель айынан сентябрга чейинки мезгилде дарыялардагы суунун көлөмү жана Токтогул, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарына суунун агып кириши жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Токтогул, Орто-Токой, Киров суу сактагычтарына суунун жыл, квартал, суу аз болгон мезгилде (октябрь-март) жана он күндүн ичинде агып киришинин болжолдору бар. Кыргызгидромет октябрь айынан апрелге чейин республика боюнча кар көчкү коркунучу боюнча бюллетень чыгарат.

 - Бүгүнкү күндө кандай гидрометеорологиялык кызматтарды көрсөтүп жатасыздар?

- Гидрометеорологиялык маалыматты жана бороон-чапкын жөнүндө эскертүүлөрдү негизги керектөөчүлөрү болуп ишмердүүлүгү аба ырайына көз каранды болгон тармактар саналат. Мисалы, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,  КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ж.б.  калктын жана өлкөнүн өндүрүштүк инфраструктурасынын коопсуздугун камсыздоочу органдар. Биздин божомолдор экономикалык кызыкчылыгы жаратылыш ресрустарын пайдалануу жана алардын ишмердүүлүгүнө аба ырайынын таасирин эске алуу менен чечим кабыл алган юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге да керек. Жалпысынан гидрометеорологиялык маалыматка республиканын жалпы калкы муктаж. 

Биз кышка чейин күздүк кылкандуу дан эгиндеринин абалы, вегетациялык мезгилдин башталышында күздүк кылкандуу дан эгиндеринин күтүлүп жаткан абалы, кыртыштагы продуктивдүү нымдуулуктун күтүлүп жаткан запасы, түшүмдүүлүк жана күздүк буудайдын дүң жыйымы тууралуу божомолдойбуз. Кыргызгидрометтен өлкөдө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн, көп жылдык чөптөрдүн биринчи чабыктагы бүчүрлөөсү жана гүлдөөсү  жана пахтанын биринчи кокозунун ачылышы, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен аймактарында күздүк буудайдын бышуусу боюнча маалыматтарды алууга болот.  

- Эл аралык конвенциялардын катышуучусу катары биздин өлкө өз өнүгүүсүн ушул климаттык милдеттенмелерди аткарууга багыттайт эмеспи. Кыргызгидрометтин мындагы жоопкерчилиги кандай?

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы гидрометеорологиялык ишмердүүлүк Бүткүл дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун регламенти жана стандарттарына ылайык иш алып бараарын айтуу менен баштайын. Кыргызстан аталган уюмга 1994-жылдан бери мүчө болуп келатат. Кыргызгидромет Бүткүл дүйнөлүк Метеорологиялык Уюм менен кызматташууну ишке ашыруу боюнча жумушчу орган болуп дайындалды.

Ошондой эле Кыргызстан экологиялык мониторинг чөйрөсүндө бир катар дүйнөлүк программаларга кирген. Мисалы, ДСУнун World Weather Watch программасынын алкагында, Кыргызгидромет жети метеостанциянын маалыматтарын Глобалдык байкоо тармагына кыска убакытта берет. Бул программа дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды системалаштырууга, чогултууга жана иштетүүгө багытталган. Маалыматтар синоптикалык карталарды, санариптик өнүмдөрдү, аба ырайын болжолдоо, климатты болжолдоо, тобокелдиктерди баалоо жана эрте эскертүү кызматтарын өндүрүү үчүн колдонулат.

“Климатты байкоонун глобалдык системасы” программасынын алкагында, эки метеостанциянын – Нарын жана Бишкек шаарларынын климаттык маалыматтары дүйнөлүк алмашууга берилет. Климаттык мониторинг системасы - болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөр жөнүндө өкмөттөрдү маалымдоо максатында узак убакыт бою глобалдык жана аймактык климаттык өзгөрүүлөрдүн маалымат базасын түзүүгө багытталган. Атмосфералык составдын глобалдык мониторинг системасына Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы парник газдарына мониторинг жүргүзүүчү станция кирет.

- Бүгүнкү күндө ПРООНдун колдоосу менен Улуттук адаптациялык планын иштеп чыгуу башталды. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу иш чараларды ишке ашырууда Кыргызгидрометтин ролу кандай?

- ПРООНдун Улуттук адаптация планын иштеп чыгууда Кыргызгидромет негизги катышуучу болуп саналат. Анткени климаттын улуттук стратегиялык программаларын жана климаттын өзгөрүшү боюнча отчетторду иштеп чыгуунун негизин гидрометеорологиялык мониторингдин маалыматтары, айлана-чөйрөнүн учурдагы жана келечектеги абалы түзөт.

Тилекке каршы, учурда Кыргызгидромет маалыматтарды жеткирүүчү болбой калды, анткени аны ишке ашырууга климаттын өзгөрүшүн иликтөөгө керектелчү техникалык жана институционалдык потенциал жетишпейт. Мисалы, Кыргызгидрометте аба ырайынын, бороон-чапкындын жана коркунучтуу кубулуштардын (жамгыр, мөндүрдүн) божомолун алуудагы сапатты жакшыртуу үчүн 20-25 км бийиктикке чейин атмосферанын температурасын жана шамалдын добушун аныктоочу жабдыктар жок болуп жатат.   

Андан тышкары, бизге кар көчкүлөрүнүн коопсуздугу, дарыялардагы суунун көлөмү жана суунун суу сактагычтарга агып кириши боюнча  болжолдоолорду алууда сапаттуулукка жетишүү үчүн  техникалык жабдыктар зарыл. 

Ал эми кадр маселеси тууралуу айтсак, өлкөдө ушул убакка чейин климатологдор даярдалбайт. Ага кошумча өткөн жылы КРСУдагы метеорологдорду даярдоо боюнча жалгыз кафедра жабылды. Жыйынтыгында, тийиштүү багыттагы адистерди даярдоо кыйын болуп калды. 

Гидрометеорологиялык жана климаттык кызматтарды көрсөтүүнүн негизги бөлүмдөрүндө негизинен метеорологдор иштешет. Алардын иш-аракеттери негизинен болжолдуу продукцияны өндүрүүгө багытталган. Ошондуктан, Кыргызгидрометте ишке ашырылып жаткан климаттын өзгөрүшү жана ага ыңгайлашууга байланыштуу бардык иш чаралар эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен долбоорлордун алкагында өтүүдө.
ПРООНдун Улуттук адаптациялык планынын алкагында, климаттын өзгөрүүсүнө дуушар болгон тармактар үчүн климаттын жаңы продуктуларын иштеп чыгуу боюнча кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу үчүн көптөгөн тренингдер өткөрүлүп жатат. Эксперттердин колдоосу менен климаттын өзгөрүшүнүн сценарийлери негизделген, бул адаптациялоо боюнча иш-чараларды пландаштырууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө биз ПРООН менен Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүшү боюнча жылдык баяндаманын үстүндө иштеп жатабыз, мен бул үзгүлтүксүз болот деп ишенем.