Ден соолукка кам көрүү. Чоңдор сөзсүз текшерүүдөн өтүү керек болгон учур
Ден соолукка кам көрүү - бул өзүңүзгө жана башкаларга кам көрүү. Оорунун алдын алуу үчүн дарыгерлер жыл сайын текшерилип туруу керектигин эскертип келишет. Анын ичинде чоңдор үчүн калкан безди сөзсүз текшерүү керектиги айтылат.
Анткени Кыргызстан эндемикалык аймак болгондуктан, йод жетишсиздиги боюнча кызыл зонада турат. Өлкө деңиз деңгээлинен канчалык бийик жайгашкан сайын кыртышта йод ошончолук аз болору белгилүү.
Демек, биздин аймакта адамдар йоддун жетишсиздигинен жана жалпысынан калкан безинин оорулары менен жабыркашат.
Ошондуктан да жок дегенде жарым жылда бир жолу калкан безин текшерип туруу сунушталат.
Белгилүү кыргыз академиги Иса Ахунбаев бул көйгөйдү активдүү изилдеп, өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарынын ортосунда да кыртышта йоддун жетишсиздиги боюнча айырмачылыктар бар экенин аныктаган.Түштүк аймакта йоддун, ошондой эле селендин, башкача айтканда, калкан сымал бездин туура иштешине көмөктөшүүчү эң маанилүү эки элементтин жетишсиздиги бар.
Ошол себептен да калкан безинин ооруларына кабылбоо үчүн анализдерди тапшырып, УЗИден текшерүүдөн өтүп туруу керек.
Калкан безинин ооруларын толук диагностикалоо үчүн тесттер:
Ттг
Т4св
Ат-тпо
Ат-тг