«Мектеп 21» — санарип кадрларын даярдоодогу маанилүү кадам
Санариптик технологиялар жана жасалма интеллект дүйнөнү өзгөртүп жаткан учурда заманбап адистерге болгон талап күчөп жатат. Кыргызстанда да IT багытында атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо маанилүү милдеттердин бири. Бул багыттагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн бири «Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби» долбоору.
Азыркы мезгилди санариптик трансформациянын доору деп айтсак болот. Жасалма интеллект, чоң маалыматтар менен иштөө, автоматташтыруу жана жаңы технологиялар дүйнөлүк экономиканын багытын өзгөртүп жатат. Бул өзгөрүүлөр эмгек рыногуна түздөн-түз таасирин берип, IT тармагындагы адистерге болгон талапты күн сайын күчөтүүдө.
Кыргызстан да бул процесстен сыртта калбашы керек. Тескерисинче, биз заманбап технологияларды өздөштүргөн, дүйнөлүк рынокто атаандаша алган адистерди даярдоого басым жасашыбыз зарыл. Анткени бүгүнкү күндө өлкөнүн негизги байлыгы — бул табигый ресурстар гана эмес, билимдүү жана кесипкөй адам капиталы.
«Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби» долбоору бул жөн гана дагы бир билим берүү долбоору эмес, бул санарип кадрларды даярдоонун жаңы моделин түзүүгө багытталган маанилүү кадам. Анын негизги өзгөчөлүгү кыска убакытта практикага багытталган билим берүү аркылуу заманбап IT адистерин даярдоо мүмкүнчүлүгү.
Салттуу билим берүү системасында адис даярдоого бир нече жыл талап кылынат. Албетте, фундаменталдык билимдин мааниси чоң. Бирок технологиялардын өнүгүү ылдамдыгын эске алганда, рыноктун талабына тез жооп бере турган ийкемдүү окутуу моделдери да керек. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, интенсивдүү программалар аркылуу кыска мөөнөттө күчтүү практикалык көндүмдөргө ээ адистерди даярдоого болот. «Мектеп 21» дал ушундай мүмкүнчүлүктү түзө алат.
Эгер долбоор туура уюштурулуп, сапаттуу ишке ашса, ал өлкөбүздөгү IT экосистеманын өнүгүшүнө чоң түрткү берет. Бизге бүгүн программисттер, маалыматтарды талдоочулар, жасалма интеллект боюнча инженерлер, киберкоопсуздук жана башка санарип багыттардагы адистер керек.
Мындай кадрлар көбөйгөн сайын жаңы стартаптар пайда болот, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат, IT кызматтарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңейет. Башкача айтканда, бул долбоор бир гана билим берүү тармагына эмес, жалпы экономиканын өсүшүнө таасир бере турган демилге.
Санарип адистерин даярдоодо эң негизги талап - билим берүү системасы реалдуу рынок менен байланышта болушу керек. Окуу программалары дүйнөлүк IT индустриясынын талаптарына жооп бериши зарыл.
Ошондой эле студенттерди жөн гана теория менен чектебей, реалдуу долбоорлор менен иштөөгө үйрөтүү маанилүү. Анткени IT тармагында адамдын билими анын жасаган иши, түзгөн долбоору жана маселени чечүү жөндөмү аркылуу бааланат. Ошондуктан окуу процессине тажрыйбалуу IT адистерин, компания өкүлдөрүн, практиктерди тартуу чоң мааниге ээ. Билим берүү менен өндүрүштүн байланышы күчтүү болгондо гана сапаттуу кадр даярдалат.
Азыр жаштар үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. IT тармагынын артыкчылыгы адам кайсы жерде жашабасын, өзүнүн билими жана жөндөмү менен дүйнөлүк рынокко чыга алат.
Бирок бул тармакта ийгиликке жетүү үчүн дайыма изденүү, жаңы технологияларды үйрөнүү жана практика менен иштөө керек. «Мектеп 21» сыяктуу долбоорлор жаштарга ошол мүмкүнчүлүктү берип, алардын потенциалын ачууга жардам берет деп ишенем.
Дүйнөдөгү ири технологиялык компаниялар дипломго караганда практикалык жөндөмгө көбүрөөк басым жасары айтылып келет. Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү багыт. Бүгүн дүйнөдөгү көптөгөн компаниялар адистин кайсы окуу жайды бүтүргөнүнө гана эмес, анын кандай долбоорлорду ишке ашыра алганына, кандай маселелерди чече билгенине көңүл бурушат.
Мисалы, технологиялык компанияларда практикалык көндүмдөр, чыгармачылык ой жүгүртүү жана жаңы нерселерди тез үйрөнүү жөндөмү жогору бааланат. Биз да билим берүүдө ушул принциптерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек.
Демек, «Мектеп 21» Кыргызстандын технологиялык келечеги үчүн маанилүү кадам. Бул долбоор келечекке багытталган инвестиция. Санариптик дүйнөдө ким билимге, инновацияга жана адамдык капиталга көбүрөөк көңүл бурса, ошол өлкө алдыга чыгат.
«Мектеп 21» туура уюштурулуп, заманбап талаптарга жооп берген шарттар түзүлсө, Кыргызстанда жаңы муундагы санарип адистерин даярдоонун күчтүү платформасына айланат. Бул өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк IT мейкиндигинде өз ордун табуусуна чоң өбөлгө түзөт.
