Неонаталдык жардам даярдыктан өткөн адистен башталат
Кыргызстанда неонаталдык жардам саламаттыкты сактоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ымыркай төрөлгөндөн кийинки алгачкы 28 күн эң аяр мезгил, мында саат эмес, мүнөттөр чечүүчү болуп калат.
UNICEFтин 2026-жылдын 9-апрелинде жарыяланган маалыматтарына ылайык, акыркы 30 жылда Кыргызстан 1992-жылга салыштырмалуу балдардын өлүмүн төрт эсеге кыскарткан. Азыркы учурда төрөлгөндөн кийинки биринчи айдагы ымыркайлардын өлүмү беш жашка чейинки балдардын өлүмүнүн 64%ын түзөт, ал эми ымыркайлардын өлүмү мындай учурлардын жалпы санынын 94%ын түзөт. Бул маалыматтар балдардын өлүмүн мындан ары төмөндөтүү төрөлгөндөн кийинки алгачкы күндөрдөгү жана жумалардагы жардамдын сапатына түздөн-түз байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.
"Эл-Ди-Эс Черитиз" коомдук кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, неонаталдык кызмат көрсөтүүдөгү негизги көйгөйлөр жабдууларга гана байланышпайт. Алардын катарында ара төрөлүү, аз салмакта төрөлүү, төрөттөгү кыйынчылыктар, заманбап техниканын жетишсиздиги жана аймактарда сапаттуу жардамга жетүүнүн ар кандай деңгээли бар.
Мына ушул себептен "Эл-Ди-Эс Черитиз" Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Неонатологдор ассоциациясы менен биргеликте эки багытка, тактап айтканда, төрөт үйлөрүн жабдуу жана адистерди даярдоо багыттарына басым жасап жатат. Бири экинчисисиз иштебейт. Эң заманбап аппарат дагы, эгерде жанында баланын абалын тез баалап, туура чечим кабыл ала билген дарыгер же медайым жок болсо, натыйжа бербейт.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» фонду Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен 2009-жылдан бери кызматташып келүүдө. 2018–2020-жылдары фонд Бишкек жана Чүй облусунда жаңы төрөлгөн ымыркайларды алгачкы реанимациялоону колдоо долбоорун ишке ашырган. Ал 2021–2023-жылдары Жалал-Абад облусунун 14 районуна жана Нарын облусунун 5 районуна жайылтылган.
Фонд ошондой эле медициналык мекемелерге жабдууларды берип жардам көрсөткөн. COVID-19 пандемиясы учурунда жети төрөт үйүнө жеке коргонуу каражаттарын берген. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун неонаталдык бөлүмүнө 4 инкубатор, 4 монитор жана 15 пульсоксиметр тапшырылган. 2026-жылы фонд ымыркайлар үчүн инкубаторлорду жана мониторинг жабдууларын да берген.
2025–2026-жылдары «Эл-Ди-Эс Черитиз» Бабл-СИПАП аппараттарын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча бир катар тренингдерди уюштурган. Окутуу Бишкек, Ош жана Манас шаарларында өттү.
Ага төрөт үйлөрүнүн, перинаталдык борборлордун жана аймактык медициналык мекемелердин дарыгерлери жана медайымдары катышты. Тренингдер учурунда медицина кызматкерлери аппаратты туташтыруу, ымыркайдын дем алуусун баалоо, жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалын мониторингдөө, командадагы ролдорду бөлүштүрүү жана кыйынчылыктар жаралган учурда аракеттенүү алгоритмдери сыяктуу практикалык көндүмдөрүн машыктырышкан. 2026-жылдын май айында фонд билим системанын ичине сиңип, андан ары жергиликтүү адистерге берилип турушу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайларды алгачкы реанимациялоо боюнча жергиликтүү тренерлерди даярдай баштады.
Неонаталдык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү комплекстүү мамилени талап кылат, ал заманбап жабдууларды, адистерди даярдоону жана кесиптик туруктуу коштоону бириктирет. Медициналык кызматкерлер күнүмдүк ишинде натыйжалуу колдонуу үчүн керектүү билимге жана көндүмгө ээ болгондо гана өткөрүлүп берилген техника реалдуу натыйжа берет.
Фонддун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын биргелешкен иши төрөт үйлөрүнө керектүү жабдууларды алууга жардам берип, ымыркайлардын өмүрүнүн алгачкы мүнөттөрүндөгү абалын туура көзөмөлдөөчү адистерди даярдайт. Жылына 150–160 миң бала төрөлгөн өлкө үчүн мындай колдоо формалдуу эмес, тескерисинче, абдан практикалык мааниге ээ.
UNICEFтин расмий булактарынан:
UNICEF Kyrgyzstan. Evidence for Action: Strengthening Child Survival in the Kyrgyz Republic.
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/reports/evidence-action-health
Отчетто төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн:
* Кыргызстан акыркы 30 жылда балдар өлүмүн төрт эсеге азайта алды;
* неонаталдык өлүм (жашоонун биринчи айындагы өлүм) беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 64 пайызын түзөт;
* ымыркайлар өлүмү (бир жашка чейин) беш жашка чейинки балдар арасындагы жалпы өлүмдүн 94 пайызын түзөт.
