3 март

Жерди бөлүү – ширеңкенин бир талы, дүрт этсе улуу өрткө айланат

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетине кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлору тааныштырылып, депутаттар аталган документти талкуусуз жактырышты. 

Дүйнөдөгү эң татаал маселе – чек ара маселеси. Анын үстүндө биздин учурда анклав көп, бул өз убагында чечилбесе, Израиль-Палестинадагыдай абалды жаратып коюшу да мүмкүн эле. Бирок ага жеткирбей, өтө таалылуу маселеге чекит коюлганына кубанышыбыз керек. 
Белгилей кетчү нерсе – демаркация менен делимитациянын айырмасын билбеген «билермандар» чек аранын чечилиши боюнча ойлорун айтып жатышат. Бирок алар акыркы чекитке чейинки жол канчалык татаал жана кыйын болгонун элестете да албаса керек. Албетте, ар бир жаран пикирин билдирүүгө акылуу, бирок эске алыш керек: жерди бөлүү өтө татаал, биздин өлкөдөгүдөй эле «билбесем да пикиримди айтып коеюн» деген популисттер Тажикстанда да кездешет. Биздеги оппозиция Тажикстанда да бар. 

Эч убакта чек ара бир тараптын кызыкчылыгын толук кандуу коргоп, экинчи жактыкын басмырлоо менен чечилбейт. 

Бул олуттуу маселе – ширеңкенин талы чырт этсе эле, улуу өрткө айланып кетиши толук мүмкүн. 

Эмнеси болсо да тарыхта чоң иш жасалды, коңшулар менен тынч жашоо этабына өттүк

Бакыт Бакетаев
Бакыт Бакетаев коомдук ишмер, саясат таануучу