11 август

Путин менен Трамп Украина үчүн тынчтык формуласын табуу максатында Аляскада жолугушат

Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу 15-августта Аляска штатынын Анкоридж шаарында өтөт деп пландаштырылган. Бул тууралуу Трамп өзү билдирди, Кремль президенттин жардамчысы Юрий Ушаков аркылуу маалыматты тастыктап, даярдыкты "татаал процесс" деп атады.

Жолушугуу үчүн Алясканын тандалышы кокусунан эмес. Бул эки өлкөнүн Беринг кысыгы аркылуу географиялык жакындыгын баса белгилеп, эки тарап үчүн тең саясий тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берген нейтралдуу аянтча болуп саналат. 

Расмий билдирүүлөргө ылайык, сүйлөшүүлөр Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун узак мөөнөттүү жолдорун издөөгө багытталат. Формалдуу дипломатиянын артында согуштук аракеттерди убактылуу токтотуудан толук токтотууга чейинки, ошондой эле күчтөрдүн жаңы тең салмактуулугун бекитүү аракеттери сыяктуу сценарийлер жашырылган болушу мүмкүн.

Талкуунун артыкчылыктуу темалары, кыязы, жаңы россиялык республикаларды: Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьени таануу маселелерине байланышат. Украинанын НАТОго кирбөө талабы экинчи планга жылдырылышы мүмкүн. 

Экономикалык багытта стратегиялык инфраструктура объекттери: Запорожье атомдук электр станциясы, өнөр жайлуу Донбасс жана Азов-Кара деңиз бассейнинин деңиз логистикасы жөнүндө сөз болушу ыктымал. Украина үчүн мүмкүн болгон жеңилдиктер экономикага, бюджетке жана экспорттук каттамдарга олуттуу сокку урууну билдирет. Россия үчүн мүмкүнчүлүк -  эң маанилүү ресурстарды жана транспорттук агымдарды көзөмөлдөөнү бекемдөө, ошондой эле "аткаруу үчүн жеңилдик" механизми аркылуу санкциялык басымды акырындык менен жумшартууга жетишүү.

Учурда байланыш тилкесинде кыймыл сакталууда. Россия Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынын олуттуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Украина Запорожье жана Славянск шаарларын, ошондой эле ири транспорттук түйүндөрдү кармап турат. Тажрыйба көрсөткөндөй, ар кандай келишим аскерлерди синхрондуу түрдө чыгарып кетүүнү жана эл аралык мониторингди талап кылат. Мындай шарттар кабыл алынбаса, макулдашуулардын бузулушу жана активдүү согуштук аракеттердин кайра башталышы ыктымал. Киев жана анын батыштык өнөктөштөрү коопсуздуктун бекем кепилдиктери жок тынчтык келишими жаңы чыңалуунун алдындагы тыныгуу гана болуп каларын баса белгилешет. 

Жолугушуу Владимир Путин үчүн - атайын аскердик операциянын натыйжаларын дипломатиялык дивиденддерге айландыруу жана Москванын Вашингтон менен тең укуктуу диалог жүргүзүп жатканын россиялык аудиторияга көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Пекин жана Дели менен параллелдүү консультациялар АКШнын мүмкүн болгон кысымынан камсыздандыруу жана Россиянын БРИКС жана ШКУдагы позициясын бекемдөө каналы катары кызмат кылат.
Дональд Трамп үчүн ийгиликтүү сүйлөшүүлөр ички саясий олуттуу активге айланышы мүмкүн. Ал Путин-Зеленский жолугушуусуна катуу байланбастан аракет кылууга даяр экенин көрсөтүп жатат. Трамп мөөнөттөрдү жана "экинчи санкциялар" жөнүндөгү риториканы колдонуп, өзүнө тааныш ыкмада иш алып барууда: ставканы көтөрөт, андан соң мүмкүн болушунча пайдалуу пакет үчүн соодалашат.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мындай келишимдердин туруктуу тынчтыкка алып келиши сейрек кездешет. 2014–2015-жылдардагы Минск келишимдери согуштук аракеттердин күчүн азайткан, бирок терең саясий карама-каршылыктарды жойгон эмес, бул конфликттин жаңы баскычына алып келген. «Кипр сценарийи» 1974-жылдагы окуялардан кийин түзүлгөн, анда түрк аскердик операциясы аралды грек жана түрк бөлүктөрүнө бөлүп салган. Биригүү боюнча жарым кылымдык сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. 1975-жылдагы Хельсинки корутунду актысы блоктор ортосундагы чыңалууну азайткан, бирок таасир этүү чөйрөлөрүнүн бөлүнүшүн бекемдеген. Чек араларды өзгөртүү үчүн сыйлык катары кабыл алынган ар кандай формула башка аймактарда ушундай сценарийлердин кайталанышына сигнал болуп калышы ыктымал.

Мында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы дүйнөлүк рынокторго да олуттуу таасир этиши мүмкүн. Азов-Кара деңиз бассейнинин портторуна же украиналык дан экспортуна тиешелүү ар кандай келишимдер азык-түлүк бааларына - өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндө -таасирин тийгизет. Россиянын мунайына жана газына каршы санкциялык режимдин өзгөрүшү энергоресурстардын баасынын өзгөрүшүнө жана азиялык рыноктордун пайдасына агымдардын кайра бөлүштүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Көйгөйлөр оң чечилген учурда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу мамилелердин чегинен чыгып кетиши ыктымал.

НАТО убактылуу тынчтык келишиминде чыгыш тарабын бекемдөөгө көңүл буруп, Киевге аскердик колдоо көрсөтүүнү улантат, бирок түз эскалациядан качат. ЖККУ үчүн Москванын ийгиликтүү дипломатиялык айкалышы анын аймактык коопсуздуктун кепилдиги катары ролун актап жатканындай кабыл алынат. Азия-Тынч океан аймагында АКШ Москва менен сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмүн көрсөтүү үчүн жетишилген чечимдерди колдонот, ошол эле учурда Япония, Түштүк Корея жана Австралия менен аскердик байланыштарды күчөтөт.
Ошентип, Аляскадагы жолугушуу күчтөрдүн дүйнөлүк тең салмактуулугун - Чыгыш Европадан Инди-Тынч океан аймагына чейин - кайра куруунун элементи болуп калышы мүмкүн. Көбүрөөк мүмкүн болчу жыйынтык -  базалык кепилдиктер жана эл аралык көзөмөл менен убактылуу тынчтык. Мындай жыйынтык согуштук аракеттердин интенсивдүүлүгүн төмөндөтүп, дипломатиялык иштерге убакыт берет, бирок саясий жактан биротоло жөнгө салууга алып келбейт.
Аймактык компромисс да болушу мүмкүн, анда азыркы тирешүү сызыгы тынчтыктын ордуна бекитилет. Украинанын сүйлөшүүлөрдөн четтетилиши келишимдин мыйзамдуулугуна шек келтирип, эл аралык укук үчүн кооптуу прецедент жаратышы ыктымал. 
Эгерде тараптар шарттарды макулдаша албаса, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө да учурайт. Мындай учурда санкциялардын күчөшү, аскердик активдүүлүктүн өсүшү жана аймакта коргонуу чараларынын мындан ары да күчөтүлүшү орун алат. 
Жолугушуунун акыркы ийгилиги катуу билдирүүлөргө эмес, коопсуздуктун ишенимдүү архитектурасын жана көзөмөл механизмдерин түзүүгө көз каранды болот. Ансыз кандай гана чечим болбосун туруктуу жөнгө салуу эмес, убактылуу тыныгуу бойдон калуу коркунучу бар.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт