Кыргызстандын жергиликтүү жогорку адистештирилген дарыгерлер жетишсиз
Бүгүнкү күндө биз бир гана терапевт, үй-бүлөлүк дарыгерлерди эмес, жогорку адистештирилген дарыгерлерди да даярдашыбыз керек, бул дагы абдан маанилүү. Кээ бир нюанстарды үй-бүлөлүк дарыгер терең териштире албайт. Үй-бүлөлүк дарыгердин башкы милдети – кандай патология экенин түшүнүү жана бейтапты тийиштүү адиске жиберүү.
Аймактарда акушер-гинекологдор да жетишпейт (мисалы, Ысык-Көл облусунда)! Ал жактан адамдар Бишкекке операцияга келишкен. Бул деген туура эмес да! Медициналык жардам, болгондо да шашылыш жардам, Кыргызстандын ар кайсы аймагында тез арада көрсөтүлүшү керек.
Ушундай эле нерсе ревматологиялык кызматта да бар, кээде бизге такыр башка диагноз коюлган бейтаптар жиберилет.
Аймактарда негизинен ревматологиялык профилдеги жогорку адистештирилген дарыгерлер жетишпейт. Ооба, биз семинарларды, квалификацияны жогорулатуу циклин өткөрүп жатабыз, бирок бул аздык кылат, адам ревматологиялык оорулуулардын өзгөчөлүгүнө терең кириши керек. Дарттарды аныктоо маалында ар кандай нюанстар кездешет.
Менин бир бейтабымдын негизги дартынан башка боор жана бөйрөк жетишсиздиги жана ДВС-синдрому бар. Бул бардык система бир убакта чуркап келип, жардам бере турган учур. Мындай учурда системдүү козголуулар башталып, дээрлик бардык органдарда маселе жаралат. Бүгүн жашообузда ар түрдүү тамак кошулмалары бар, экология башка, гиподинамия, алардын баары дарттын профилин өзгөртөт, адамдар бул тууралуу кабардар болушу керек.
Ревматологдор азыр абдан аз. Мунун баары ревматологдорду клиникалык ординатурада, аспирантурада даярдоодо каржыга келип такалат. Бизде бир гана ички оорулар боюнча менин билишимче атайын кеңеш жок. Кээ бир кардиологдор кардиоревматолог болуп иштөөгө аргасыз болушат.
Ушул адистикти тандап, ревматолог болгусу келгендер бар экендиги гана бизди кубандырат. Аларга рахмат, анткени бул абдан татаал адистик.