29 апрель

Криптовалюта жана блокчейн технологиялары – бул биздин президент белгилеген «илбирстин секириги»

КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги жана ишкер, Binance – эң ири криптовалюталык биржалардын биринин негиздөөчүсү Чанпэн Чжао кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Меморандумдун алкагында Кыргызстанга блокчейн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берүү, технологиялык блокчейн боюнча адистерди окутууга жана колдоого көмөктөшүү, тийиштүү министрликтердин жана мекемелердин кызматкерлерин блокчейн-технология жаатында окутуу ж.б. үчүн консультация жана технологиялык жардам көрсөтүлөт.

Кыргызстан Чанпэн Чжао сыяктуу адис менен кызматташа баштаганы абдан жакшы, анткени бизде бул тармакта андай деңгээлдеги адистер жок, ал болсо бүткүл крипто чөйрөсү түздөлгөн дүйнөлүк деңгээлдеги адис. Белгилүү болгондой, меморандумдун алкагында өлкөдө блокчейн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн консультациялар жана технологиялык чечимдер кабыл алынып, ошондой эле криптовалютанын болжолдуу резервин иштеп чыгууга жана түзүүгө колдоо көрсөтүлөт. Белгилүү болгондой, Америка өкмөтү алардын федералдык резервдик фонду дүйнөдөгү эң ири криптовалюталарды сатып алат деп чечти.

Бул биз үчүн да сонун мүмкүнчүлүк, анткени биткоин сөзсүз түрдө кымбаттайт. Мындан 15 жыл мурун ал эч нерсеге арзычу эмес, бирок өткөн жылы 100 миң долларга чейин көтөрүлдү жана ар кандай адистердин баалоосу боюнча, анын потенциалдуу өсүшү 2030-жылга чейин 200 миң доллардан ашып, 1 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул реалдуу, анткени анын алгоритми ушундай түзүлгөн. Биздин өкмөт муну түшүнүп, бул багытта абдан жакшы кадамдарды жасап жатканы мени абдан кубандырат.

Бул чөйрө өнүгүп жатат, Кыргызстанда криптобанктарды ачуу боюнча тапшырма берилген. Бул маанилүү учур, анткени бул тармакта алдамчылар абдан көп, адамдар анын технологияларын түшүнбөгөндүктөн көбүнчө алдамчылардын торуна түшүп калышат. Бирок эгерде ал боюнча окутуулар жүргүзүлүп, адамдар криптосабаттуулугуна ээ болушса, анда алар кайда инвестициялоо керектигин жана андан кантип акча тапса болоорун түшүнүшөт.

Бул абдан маанилүү жагдай! Биздин мамлекетти башкарган адамдар, аткаминерлер мунун эмне экенин түшүнүшү керек. Кээ бир мамлекеттик кызматтардын жетекчилери маңызын түшүнбөгөндүктөн, дүйнө жүзү боюнча ишке ашырылып жаткан ар кандай демилгелерге бөгөт коюшат. А эгерде биздин аткаминерлер бул жаатта сабаттуу болсо, анда өлкөбүз Дубай сыяктуу гүлдөп өнүгө алат. Эмне үчүн ал жерге дүйнөнүн крипто чөйрөсүнүн бардык адистери чогулуп, ар кандай компанияларды ачышат? Анткени ал жакта мыйзамдар жакшы жана мамлекеттик аткаминерлер дүйнө ушул багытка жылып жатканын жана эң алдыңкы технологияларды киргизүү керектигин түшүнүшөт. Дал ошондуктан Дубай гүлдөп жатат. Биздин өкмөт муну түшүнүп жатканы жакшы.

Толугу менен кошулам. Мен Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында, атүгүл салыштырмалуу Россияда да, азырынча баары талкуу стадиясында болууда, жөнгө салуучу мыйзамдар жок. А бизде бул тармакта мыйзамдар иштейт жана алар Борбор Азиядагы эң мыктылардын бири. Бул жерде маанилүүсү – президентибиз бул демилгени жеке өзү колдоп, Twitterде расмий жаңы аккаунт ачты, ага Чанпэн Чжао жооп кайтарды.

Менимче, биздин өлкөдөгү бардык крипто-энтузиасттар Кыргызстандын өнүгүү жолуна, жаңы алдыңкы технологиялардын жолуна түшкөнүн кубануу менен кабыл алышты. Бул биздин президент өз командасы менен белгилеген «илбирстин секиригинин» дал өзү, аны ишке ашырышарына толук ишенем! Жана бул багыттардын бири – блокчейн технологиялары, криптовалюталар. Азыр дүйнө жүзү боюнча президенттер менен өкмөттөр криптобанктарды киргизүүнү кызуу талкуулап жатышат. Бул биз көнүп калган банктар жакында жок болуп кетет же кайра уюшулуп, жаңы нукка түшөт дегенди билдирет.

Мунун далили катары мен «Яндекс такси» тиркемелердин жардамы менен биздин рынокто монополистке айланып, бардык атаандаштарын жок кылганын айткым келет. Ал эми Кыргызстандын рыногуна биринчи криптобанк болуп келген банк бүт рынокту жөн эле тартып алышы мүмкүн. Ошондой эле, «МБанк» необанк технологиясын киргизип, карапайым элге ыңгайлуу шарттарды түзүп бергени да мисал боло алат: насыя алуу же депозит ачуу үчүн банкка баруунун кереги жок, телефонго тиркеме жүктөп алуу жетиштүү. Менин билишимче, жакынкы арада эң сонун криптобанктардын бири Кыргызстанда расмий ачылуу үчүн арыз жазат. Эл аны колдонуп баштайт, бул аларга абдан ыңгайлуу болот.

Таласбек Акылбеков