Ишкерлер өз каалоосу менен бизнесин, мүлкүн, ден соолугун же өмүрүн камсыздандырууга мүмкүнчүлүк алышат
Кыргызстанда 16 камсыздандыруу компаниясы иштеп жатат, анын бирөө мамлекеттик, калганы жеке менчик компаниялар. Учурда 6 милдеттүү камсыздандыруу түрү бар. Алардын эң актуалдуу экөөсү – “Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу” жана “Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу”. Бул эки багыт боюнча камсыздандыруу системасы активдүү иштеп жатат.
Турак жайды милдеттүү камсыздандырууда шаардагы тургундар жылына 1200 сом төлөйт, ал эми айыл жериндегилер үчүн бул сумма 600 сом. Эгер камсыздандырылган үйгө зыян келтирилсе, шаардыктар 1 миллион сомго чейин, айыл жериндегилер 500 миң сомго чейин компенсация алышат. Баалар 2015-жылдан бери өзгөрүлгөн жок.
Айдоочулардын жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу дагы 2015-жылдан бери күчүндө. Бул мыйзам чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү: алар Кыргызстанга кирип, автоунаа айдаганда камсыздандыруу полисин алышы керек.
2023-жылдын 1-апрелинен тартып, юридикалык жактардын жана мамлекеттик автоунаалардын айдоочулары үчүн камсыздандыруу милдеттүү болду. Ал эми жеке адамдар үчүн бул талап 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Камсыздандыруу орто жана чакан ишкерлер үчүн коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү жолу. Милдеттүү түрдө камсыздандыруу 6 түрдө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарда каралган.
Ишкерлер өз каалоосу менен бизнесин, мүлкүн, ден соолугун же өмүрүн камсыздандырууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул камсыздандыруу компаниясы менен ишкердин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашат. Шарттар шаарда болобу же айылда болобу – бирдей. Камсыздандыруу ишкердин чыгымдарын азайтып, күтүүсүз кырдаалдарда чоң колдоо көрсөтө алат.
Бүгүнкү күндө камсыздандыруу рыногунун жарымынан көбү кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга байланыштуу. Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча республикада 219 миң келишим түзүлгөн. Учурда жарандарга 27 миллион сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн. Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу жаатында 145 миң келишим түзүлүп, 25 миллион сомдон ашык төлөм төлөнгөн.
