21 январь

Улуу державалардын формалдуу эмес келишими: АКШ, Россия жана Кытай таасир этүү аймактарын бөлүшүүдө

Дүйнөлүк саясатта прагматикалык тең салмактуулуктун контуру пайда болууда: эксперттердин пикиринде, Дональд Трамптын администрациясы Россия жана Кытай менен таасир этүү чөйрөлөрүн бөлүштүрүү боюнча жашыруун консенсуска жетиши мүмкүн. Кеп союздаштык жөнүндө эмес, кызыкчылыктардын убактылуу дал келиши, Украинадан жана Борбордук Азиядан Венесуэлага жана Батыш Азияга чейин "кызыл сызыктарды" таануу жана приоритеттерди кайра бөлүштүрүү жөнүндө болууда.

Дональд Трамптын администрациясы Россия жана Кытай менен таасир этүү чөйрөлөрүн бөлүштүрүү маселеси боюнча белгилүү бир прагматикалык консенсуска келиши мүмкүн деген таасир калтырат. Бул союздаштык эмес, а кызыкчылыктардын убактылуу дал келиши жана "кызыл сызыктарды" өз ара таануу.

Мындай конфигурациянын алкагында, Россия Украина багытында маневр жасоо үчүн кошумча мейкиндикке ээ болот. Дал ушул учурда ал жакта жаңы саясий жана сүйлөшүү фигуралары пайда болуп жатканы кокустук эмес, бул бүтүндөй жөнгө салуу процессин кайра форматтоого даярдык көрүлүп жатканынын кабары болушу мүмкүн.

Сыягы, Орто Азия,  Москва менен Пекиндин – АКШнын активдүү катышуусу жок – биргелешкен саясий жана стратегиялык таасир этүү зонасында калат. А Кытай  Тайвань маселеси боюнча жашыруун кепилдиктерди алгандай – бул Пекин үчүн узак мөөнөттүү келечекте принципиалдуу түрдө маанилүү.

Иран, өз алдынча жана активдүү аймактык оюнчу катары, Каракастагы окуялардын алдында ички туруксуздук жана социалдык толкундоолордун эсебинен "чоң оюндан" убактылуу чыгарылды. Жалпысынан алганда, бул факторлордун баары АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда идеологиялык орнотууларга эмес, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна негизделген формалдуу эмес келишимдин мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтууга жол берет.

Сариевдин баамында, бул конфигурацияда утулган позициялар Улуу Британияда байкалууда, ал мурда Николас Мадуронун режими менен да, Иран менен да тыгыз байланыштарды курган. Натыйжада, Вашингтон Батыш Азияда (Жакынкы Чыгышта) активдүү аракеттерди жасоо үчүн кыйла эркин колдоого ээ болот, ал эми Латын Америкасында Монро доктринасынын логикасына – жаңыланган, күч форматында кайтуу байкалууда. 

Эксперттин пикиринде, келечекте дал Батыш Азия, Брюссель жана Лондон тарабынан шарттуу түрдө көрсөтүлгөн глобалисттик блок менен күч реализмине, эки тараптуу келишимдерге жана мурдагы улуттук түзүмдөрдү демонтаждоого багытталган Дональд Трамптын саясий линиясынын ортосундагы тирешүүнүн негизги аренасына айланышы мүмкүн.

Ушул фондо Венесуэланын айланасындагы кырдаал башкача өңүттө кабыл алынууда. Россия, Кытай жана Ирандын  Венесуэланын жаңы президенти Гонсалести куттуктаганын жетишилген келишимдердин кыйыр белгилеринин бири деп эсептөөгө болот. Бул кадам жаңы саясий чындыкты кабыл алуу жана негизги тышкы оюнчулардын күчтөрдүн өзгөргөн тең салмактуулугуна ыңгайлашууга даяр экендигин көрсөтөт.

Чындыгында, бул Венесуэла бийлиги Вашингтон менен конструктивдүү кызматташууга барганын билдирет, демек,  Россиянын жана Кытайдын кызыкчылыктары, биринчи кезекте мурда салынган инвестициялар жана стратегиялык долбоорлор коркунучка кептелбейт. Венесуэла АКШнын толук саясий көзөмөлүнө өткөн учурда дагы, Москва менен Пекин  өздөрүнүн экономикалык позицияларынын сакталышына кепилдик алышкандай.

Ушундай шартта, Дональд Трамптын Мексикага, Колумбияга жана Кубага карата катуу жана коркутуучу риторикасы маалыматтык-психологиялык кысымдын элементиндей, аскердик кийлигишүүнү түздөн-түз талап кылбаган өзүнчө "түтүн пардасындай" көрүнөт. Кеп масштабдуу күч аракеттерине даярдык жөнүндө эмес, аймакта үстөмдүк кылууну көрсөтүү жана тартипти калыбына келтирүү жөнүндө болуп жатат. 

Жалпысынан алганда, Америка Кошмо Штаттары Латын Америкасын жаңыланган Монро доктринасынын логикасында өзгөчө таасир этүүчү аймак катары карай турганын ачык көрсөтүүдө. Россия жана Кытай менен жетишилген жашыруун келишимдер Вашингтонго жакынкы келечекте ресурстарды жана саясий көңүлдү радикалдуу жана системалуу өзгөрүүлөр күтүлгөн Батыш Азияга топтоого мүмкүндүк берет.

Марс Сариев
Марс Сариев саясат талдоочу