Дүйнө ири согуштун босогосунда турабы?
12-июндан 13-июнга караган түнү Израиль Иран Ислам Республикасына каршы аскер операциясын баштады. Сокку зениттик-ракеталык комплекстерге, Натанздагы өзөктүк объектилерге жана Тегерандагы стратегиялык буталарга жасалды. Израилдин чалгындоо маалыматтарына караганда, Ирандын жогорку даражалуу аскер жана саясий ишмерлери жашаган турак жай кварталдары дагы аткылоого кабылды.
Операция “Ам КеЛави” – “Эл арстан сыяктуу” аталышты алды. Ошентип, Тель-Авив эл аралык санкциясыз эле чечкиндүү аракет кыла алаарын, коркунучка карата өзүнүн жеке баалоосуна гана таянарын көрсөттү.
Иран дароо жооп кайтарган жок, бирок катаал эскертүү берди. КСИР командачысы Хоссейн Салами чабуул кайталанса, “дароо кыйратуучу жооп” болоорун убадалады. Коргоо министри Азиз Насирзаде тобокелчилик зонасына Жакынкы Чыгыштагы америкалык базасы кирээрин билдирди. Мамлекеттик ММКлар Израилдин чабуулу өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жандандыруу перспективасын жокко чыгарганын белгилешти.
Тегеран шашылыш аракеттердин ордуна, перс стратегиялык маданиятынын канонуна ылайык, сабырдуу тактиканы тандап алды. Мында басым күтүүгө, эсепке жана душмандын алсыз учурун кармаган так аракеттерге жасалат.
Өлкөдө КСИР авиациясы жана Сирия, Ливан жана Ирактагы прокси-топтору даярдыкка келтирилди. Кыязы, Тегеран Израилге түз сокку урбайт. Гибриддик жооп кайтарышы мүмкүн. Диверсиялар, киберчабуулдар, мунай инфраструктурасына соккулар жана Ормуз булуңун тосуу ыктымалдыгы бар. Мындай ыкма ийкемдүүлүктү сактоого жана масштабдуу эскалациядан качууга мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда атаандашын алсыратат.
Вашингтон күтүү позициясын ээледи. Мамлекеттик катчы Марко Рубио АКШ соккуларга катышпаганын, бирок өзүнүн аскердик объектилерин коргоого даяр экенин билдирди. Бул конфликтке аралашуудан качуу, ошол эле учурда ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу аракетин чагылдырат. Америка администрациясы Израилдин алдындагы союздаштык милдеттенмелери менен аскердик аралашуу коркунучунун ортосундагы тең салмактуулукту сактоодо.
Азыр Тегеран менен Тель-Авивдин ортосунда тике кагылышуу орун албашы мүмкүн. Ирандын ачык тирешүүгө барышы күмөн. Ал "Хезболла", шииттик түзүмдөр, ошондой эле экономикалык кысым көрсөтүү аркылуу асимметриялык таасир этүү чараларына басым жасайт. Азыртадан эле мунайдын баасы 5,2 пайызга өстү жана мындан ары да туруксуздук жарала берсе, баррелине 100 доллардан ашып кетиши мүмкүн. Бул дүйнөлүк экономикага сокку уруп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кошумча кысым жаратат.
Геосаясий резонанс аймактын чегинен чыгып кетүүдө. Россия тынчсыздануусун билдирип, сабырдуулукка чакырды. Борбор Азия өлкөлөрү транспорттук жана энергетикалык туруктуулукка тийчү терс таасирлерден чоочулап, абайлоо, күтүү позициясын карманышы ыктымал. Айрыкча мунай жолдору, эл аралык логистикалык чынжырлар жана Евразиядагы энергетикалык тең салмактуулук коркунучка кабылат.
Өзгөчө тынчсыздандырууну жараткан факт - Израилдин БУУнун мандатысыз эгемендүү мамлекетке каршы бир тараптуу аскердик операция жүргүзгөнү. Бул прецедент өтө кооптуу тенденцияны жаратат, анткени, коркунучту субъективдүү чечмелөө сокку урууга шылтоо болуп берди. Мындай эл аралык укукту бузуу менен жасалган кадам башка мамлекеттер үчүн да үлгү болуп калышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө кырдаал курч, бирок азырынча аны жөндөп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Тегерандын аракети муздак кандуу, Израиль – чечкиндүүлүктү, Вашингтон – сабырдуулукту, а Москва – дипломатиялык өңүттү карманды. Бирок чабуулдар уланса, аймактык кризис толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн, анын кесепети бир гана Жакынкы Чыгышка эмес, коопсуздуктун бүткүл глобалдык системасына тиет.
