Соода жүгүртүүдөгү талаптар жана шарттар өзгөрүүдө. Кыргызстандын бизнесине 2026-жыл кандай жыл болот
2026-жылдан баштап Кыргызстандан Россияга товар жеткирүү мөөнөттөрү узарып, баасы жогорулайт. Россия Федерациясынын экономикасын "агартуу" стратегиясынын алкагында бажы көзөмөлүнүн күчөтүлүшү, ТЭИ ТН (тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы) коддорун жана документтерди текшерүү, ошондой эле жаңы санариптик механизмдердин ишке кириши ЕАЭБдин ичиндеги оюн эрежелерин иш жүзүндө өзгөртөт.
"Агартуу" стратегиясы сооданын түзүмүн түп-тамырынан башкачалайт жана бул процесс азыр башталды.
Биз буга чейинки "боз" жана "ийкемдүү" логистикадан тоталдык санариптик ачыктыкка өтүп жатабыз. Мында негизги курал 2026-жылдын 1-июлунан тарта СПОТ (товарларды жеткирүүнү күтүүнү ырастоо) системасынын ишке кириши болот. Мындан улам бажы төлөмдөрүндөгү айырмачылыкка жана ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу салыктарды "оптималдаштырууга" негиздеп өз бизнесин курган оюнчулар же рыноктон кетүүгө, же толугу менен мыйзамдаштырууга аргасыз болушат дегенди билдирет. Соода ири, ачык каналдарга багытталат, анда комплаенс логистиканын ажырагыс бөлүгү болуп калат.
Бул бир жолку акция эмес, узак мөөнөттүү, системалуу тренд экени анык. Россия Федерациясынын вице-премьери Алексей Оверчук сыяктуу жогорку даражалуу чиновниктер көзөмөл күчөтүлөрүн, а чек арадагы мобилдик топтордун иши туруктуу негизде улантыла берерин ачык айтышууда. Бул алдыдагы көп жылдарга эсептелген стратегиянын бир бөлүгү. Электрондук навигациялык пломбалар жана СПОТ системасы сыяктуу механизмдердин иштелип чыгышы ар бир товар үчүн "санариптик из" түзөт дагы, "боз" схемаларды экономикалык жактан максатка ылайыксыз кылат.
Көзөмөлдү күчөтүү эркин сооданын рухуна каршы келиши мүмкүн. Бирок бул жерде контекстти түшүнүү зарыл: бул чаралар эркин кыймылга эмес, абийирсиз атаандаштыкка каршы багытталган. Мырза Оверчук ЕАЭБдин ачык чек аралары аркылуу Россиянын рыногуна ак ниет өндүрүүчүлөр үчүн теңсиздик жараткан жана керектөөчүлөр үчүн кооптуу болгон товарлар келип түшкөнүн туура белгиледи. Көзөмөлдү күчөтүү – Биримдиктин алкагында абийирдүү атаандаштыктын принцибин коргоо аракети.
Баалардын 30%га чейин өсүшү – бул айрым, эң аялуу товар категориялары үчүн реалдуу сценарий. Мен муну "структуралык адаптация сценарийи" деп атамакмын. Эксперттердин пикиринде, күнүмдүк керектелүүчү массалык товарлар (FMCG) үчүн өсүш 10-15%ды түзүшү мүмкүн. Бирок "боз" импорттун үлүшү жогору жана логистикасы татаал, Казакстан жана Кыргызстан аркылуу майда партиялар менен ташылып келген электроника, кийим-кече, бут кийим сыяктуу сегменттер үчүн 15-30%га жогорулоо – бул азыртан эле бизнес туш болуп жаткан реалдуу келечек.
Казакстан менен катар биздин өлкө дагы "боз" схемалар үчүн негизги канал болгон. Россиялык сатып алуучудан алдын ала тастыктоону жана салыктарды төлөөнү талап кылган СПОТ системасын киргизүү, иш жүзүндө бул жашыруун жолду жабат. Эксперттердин баалоосу боюнча, Россия менен болгон жалпы товар жүгүртүүдөгү "боз" импорттун үлүшү 40%га жеткен, бул көлөмдөр же ири операторлор аркылуу мыйзамдуу нукка түшөт, же өз ишин токтотот.
Кыргызстан үчүн өтө оор эмес өткөөл мезгил болот. Логистикалык мөөнөттөрдүн узарышы жана жеткирүү баасынын өсүшү чакан жана орто бизнеске, өзгөчө "Дордой" жана "Мадина" салттуу базарларына байланган ишканаларга түздөн-түз сокку урат.
Кыргызстандык компаниялардын даярдыгын баалоодо чакан жана орто ишканалардын көбү жаңы талаптарды так аткарууга даяр эмес деп айтаар элем. Тажрыйба жана эксперттердин пикири көрсөткөндөй, "боз" зона өтө чоң болчу, ал эми көптөгөн бизнестин моделдери салыктарды минималдаштырууга жана жөнөкөйлөштүрүлгөн документ жүгүртүүгө негизделген. КНСти алдын ала төлөөгө жана документтерди тоталдык текшерүүгө өтүү жүгүртүүдөгү каражаттарды олуттуу көбөйтүүнү, тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча квалификациялуу адистерди жалдоону жана жеткирүү чынжырларынын жана келишимдердин толук ачыктыгын талап кылат.
Менин божомолум боюнча, адаптациянын курч фазасы жарым жылга чейин, ал эми "ак" жолго толук өтүү 12-18 айга чейин созулат. Бул өзгөрүүлөргө бүгүнтөн баштап даярдана баштагандар аман калат жана күчөйт.
