6 январь

Борбор Азия туруктуулуктун босогосунда

Талдоо көрсөткөндөй, болжол менен 2026–2028-жылдары Борбор Азия өлкөлөрү тышкы кризистердин таасирин экономикалык жактан жана күнүмдүк жашоодо барган сайын көбүрөөк сезе башташат. Мындай өзгөрүүлөр азык-түлүк жана электр энергиясына болгон баалардын өсүшү, жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы, үй-бүлөлүк кирешелердин өзгөрүшү, ошондой эле сууга жеткиликтүүлүк маселелеринин курчушу аркылуу көрүнүшү мүмкүн.

Мында кризистердин өзүнчө жыйындысы эмес, өз ара байланышкан процесстердин системасы жөнүндө сөз болуп жатканын белгилей кетүү маанилүү. Борбор Азияда суу, энергетика, азык-түлүк, логистика жана калктын кирешеси барган сайын бирдиктүү механизм катары иштөөдө. Чынжыр бир элемент үзгүлтүккө учураса, аны экономиканын башка тармактарында чагылдырылышы ыктымал.

Кыргызстан тобокелдиктердин мындай түзүмүнө өзгөчө сезимтал болоору бышык. Өлкө аймактын негизги дарыяларынын жогорку агымында жайгашкандыктан, Борбор Азиянын суу балансында өзгөчө роль ойнойт. Ошол эле учурда экономиканын түзүмү аны гидроэнергетикага, негизги азык-түлүктөрдүн импортуна жана калктын тышкы киреше булактарына көз каранды кылат. Кыязы, бул жагдайлардын жыйындысы климаттык жана тышкы экономикалык шокторго жогорку аялуулукту жаратат.

Аймактык кырдаалды түшүнүүнүн башаты суу фактору болушу мүмкүн. Дүйнөлүк банктын, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) жана Аралды сактоо боюнча эл аралык фондунун аналитикалык материалдарында Арал деңизинин бассейниндеги бардык алынган суунун 90%га жакыны айыл чарбасында, биринчи кезекте ирригация үчүн колдонулары көрсөтүлгөн.

Практика көрсөткөндөй, суунун жетишсиздиги тез эле экономикалык көйгөйгө айланат. Анын кесепети биринчи кезекте айыл чарбасына жана калктын кирешесине тиет. Суунун жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү түшүмдүүлүктүн азайышына жана чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет, бул өз кезегинде азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө өбөлгө болот. Ушул себептен алганда, Борбор Азиядагы суу маселелери көп учурда социалдык жана саясий мааниге ээ болот.

Ошол эле учурда Кыргызстан аймактык суу-энергетикалык системада эки ача абалды ээлейт. Бир жагынан, суу башында жайгашкан өлкө катары дарыялардын агымынын төмөн жагындагы режимине таасир этет. Экинчи жагынан, анын экономикасы сууга электр энергетикасы аркылуу олуттуу көз каранды.

Эл аралык энергетика агенттигинин (IEA) баалоосу боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын 87 пайыздайы гидроэлектростанцияларда өндүрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2025-жылга карата өндүрүштүн түзүмү чоң өзгөрүүгө учураган жок.

Мындай конфигурация суу аз болгон мезгилдерде энергетикалык баланстын жогорку сезгичтигин көрсөтөт. Суунун агымынын азайышы өзүнүн генерациясынын кыскарышына жана электр энергиясын импорттоого болгон муктаждыктын өсүшүнө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдагы маалыматтары аталган көз карандылыкты тастыктайт. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиясын керектөө 13,8 млрд кВт•саатты, ички өндүрүш 11,3 млрд кВт•саатты түздү, ал эми 2,7 млрд кВт•сааттык тартыштык импорттун эсебинен жабылды.

Кыргызстандын гидроэнергетикалык системасынын негизги элементтеринин бири Токтогул суу сактагычы болуп саналат. Анын максималдуу сыйымдуулугу 19,5 млрд куб метрге бааланат, ал эми 5,5 млрд куб метрге жакын белги инженердик жана эксперттик чек катары каралат, андан төмөн болгон абалда электр энергиясын туруктуу өндүрүү техникалык жактан кыйындайт.

Башка аялуу багыт – бул азык-түлүк коопсуздугу. Расмий маалыматтарда айтылгандай, өзүбүз өндүргөн буудай ички керектөөнүн 40-60%ын гана камсыздайт, ал эми калган көлөм импорттун эсебинен жабылат, бул өлкө ичиндеги нан менен ундун баасына түздөн-түз таасир этет.

Салыштыруу үчүн, Казакстанда 2025-жылы 27,1 миллион тоннага жакын дан жыйналган, анын 20,3 миллиону буудай, бул туруктуу экспорттук потенциалды түзөт жана Кыргызстандын импорттук көз карандылыгын баса белгилейт.

Эмгек мигранттарынын акча которуулары Кыргызстандын экономикалык туруктуулугунун маанилүү фактору бойдон калууда. КР Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь–октябрь айларында өлкөгө 2,96 млрд доллар келип түшкөн, бул экономиканы тышкы өзгөрүүлөргө сезгич кылат.

Мындан тышкары, тышкы чөйрө да ички тобокелдиктерди күчөтөт. Кызыл деңиздеги кеме каттамынын кризиси учурунда өткөрүү көлөмү 60-75%га кыскарды, а Африканы айланып өтүү каттамы жеткирүү мөөнөтүн 10-12 күнгө, ал эми чыгымдарды бир рейс үчүн 1 миллион долларга чейин көбөйттү.

Глобалдык туруксуздуктун кошумча көрсөткүчү катары дүйнөлүк азык-түлүк абалы эсептелет. WFP маалыматы боюнча, 2025-жылы 318 миллионго жакын адам азык-түлүк коопсуздугунун курч акыбалына кептелген.

Берилген маалыматтардын жыйындысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялуулугу бир эле фактордон эмес, туруктуу структуралык көз карандылыктардын айкалышынан келип чыгаарын көрсөтүп турат. Мындай конфигурацияда тышкы алсыз таасирлер деле кыска убакытта ички экономикалык жана социалдык чыңалууга айланып кетиши мүмкүн.

Бул жагынан алганда, башкарылуучу жана башкарылбаган тобокелдиктерди айырмалоо маанилүү. Башкарылуучу тобокелдиктерге ички чечимдердин сапатынан көз каранды болгон элементтер кирет. Башкарылбаган тобокелдиктер -  тышкы жана климаттык факторлор. Ошол эле учурда, акыркы аталган эки фактордун таасирин мониторинг, талдоо жана аймактык координация аркылуу жумшартууга мүмкүн.

Кыязы, жакынкы жылдардагы негизги чакырык – Борбор Азиянын туруктуулугу ар бир маселеге өз-өзүнчө жооп кайтаруу менен аныкталбайт, тескерисинче, алардын баарын чогуу эске алуу жана таасирин өз ара башкара билүү жөндөмдүүлүгүнө жараша болот.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт