12 сентябрь

Жасалма интеллект жана Кыргызстандагы шайлоолор

 Кыргызстандын саясатында жана социалдык долбоорлорунда жасалма интеллекти колдонуу эксперимент болуудан калды жана акырындык менен күнүмдүк практиканын бир бөлүгүнө айланууда. Нейросеттер контетти түзүүнү тездетет, сценарий түзүүгө, АПМ үчүн тапшырмаларды калыптандырууга жана чоң көлөмдөгү малыматтарды анализдөөгө жардам берет. Бул социологиялык сурамжылоолордогу каталарды оңдоо гана эмес, социалдык тармактардагы талапкерлердин активдүүлүгүнүн карталарын түзүү, алсыз жерлерин жана аларды күчөтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун белгилөө.

Акыркы убакта кыргыз жана орус тилдериндеги визуалдаштыруунун сапаты бир топ жакшырды. Инфографика бир топ таза жана ишенимдүүрөөк болуп, тексттер сабаттуу жана түшүнүктүү болуп калды. Мисалы, төмөндө келтирилген үч сценарийди заманбап алгоритм жыйырма секундга жетпеген убакытта жаратты, ал эми тапшырманы коюудан даяр натыйжага чейинки бүт процесс бир мүнөттөн ашпады. Мындай ылдамдык, негизинен, иштин жыйынтыгын аныктоочу туура түзүлгөн промпттин аркасында мүмкүн болду.

Бирок жасалма интеллект технологияларынын тездик менен киргизилишинин терс жактары да болушу мүмкүн. Көп сандаган жана үстүртөн колдонуу материалдардын бир түргө түшүп, шаблондуу болуп калышына алып келет, мындай көрүнүш ондогон кампанияларды бир эле автор даярдагандай таасир калтырат. Натыйжада сапат төмөндөп, талапкерлердин индивидуалдуулугу жоголот, ал эми контенттин өзү экинчи орунга жылгандай кабыл алына баштайт. Ошондуктан, ар кандай программа жөн гана курал болоорун, ал эми эфирге эмне чыгары тууралуу акыркы чечим ар дайым адамда калышы керектигин эстен чыгарбоо маанилүү.

Бүгүнкү шайлоо өнөктүктөрүндө санариптик куралдар активдүү колдонулары көрүнүп турат. ChatGPT тексттерди түзүүгө, сценарийлерди жазууга жана коомдук сөздөр үчүн аргументтерди тандоого жөндөмдүү. DeepSeek көбүнчө чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетүү жана шайлоочулардын маанайын болжолдоо үчүн колдонулат. MidJourney жана Stable Diffusion сыяктуу визуалдык генераторлор иллюстрацияларды даярдоого, ал эми deepfake технологиялары талапкерди съемкаларга чакырбай туруп эле, анын образын "жандандырууга" мүмкүндүк берет.

Аларга башка чечимдер да кошулат. Claude узун документтер менен иштөө жана так жоопторду берүү жөндөмү менен айырмаланат. Gemini тексттик, визуалдык жана аудио мүмкүнчүлүктөрдү бириктиргендиктен, акырындык менен кампаниялар үчүн универсалдуу курал болуп баратат. Llama 3 ар кандай тапшырмаларга ылайыкташтырууга мүмкүн болгон ачык модель катары ыңгайлуу. DALL•E креативдүү визуалдык материалдарды тез жаратууга жардам берет.

Бул технологиялардын баары саясий практикага ишенимдүү түрдө кирип, келечекте мындан да кеңири колдонулушу мүмкүн. Алар убакытты үнөмдөйт, чыгымдарды азайтат жана штабдардын мурдагыдан да ылдам иштешине шарт түзөт. Бирок башкы коркунуч дал ушунда жатат, анткени кампанияларга жеңишке жетүүгө жардам берген ошол эле куралдар манипуляциянын жана чындыкты алмаштыруунун куралына айланып кетиши мүмкүн.

Азыркы учурда проактивдүү жасалма интеллект системаларына өзгөчө көңүл бурулууда. Суроолорго гана жооп берген кадимки нейрон тармактарынан айырмаланып, мындай алгоритмдер жаңылыктарды жана социалдык тармактарды өздөрү көзөмөлдөп, реалдуу убакытта күн тартибин талдап, маанилүү окуя пайда болгондо талапкерге же партияга даяр контентти сунуштайт. Негизинен, булар бир гана жооп берүү менен чектелбеген, андан тышкары медиатренддерди алдын ала билүүгө жөндөмдүү санариптик консультанттар. Жасалма интеллекттин дал ушундай технологиялары жакынкы жылдардын негизги тренддеринин бири болуп калат деп болжолдоого болот.

Жогорку Кеңешке шайлоо мөөнөтүнөн мурда, 2025-жылдын ноябрында өтөөрү айтылып жатат, анда ушундай технологиялар саясий күрөштүн жаңы стандартына айланышы мүмкүн. Ал эми 2027-жылдын 24-январына белгиленген президенттик шайлоо жасалма интеллект саясий технология тармагында чечүүчү ролду биринчи шайлоо катары тарыхта калаары күтүлүүдө. 

Жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге олуттуу этикалык чакырыктар пайда болот. Deepfake роликтер же бурмаланган фактылар шайлоочулардын ишенимине шек келтириши мүмкүн, ал эми манипуляциялык контент саясатчы же окуя тууралуу жалган түшүнүк жаратышы ыктымал. Ошондуктан, жасалма интеллект системаларын киргизүү ачык-айкын эрежелер жана көзөмөл менен коштолушу керек. Болбосо, алар саясий процесстерге болгон ишенимди күчөтпөстөн, тескерисинче, алсыратышы ыктымал.

Бул чечимдердин мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү үчүн нейроосеттердин жардамы менен негизги кампаниялар үчүн үч түрдүү видеоролик даярдалды. 

«Нейрон тармагы саясий оюнду өзгөртөт» (30–40 сек.) – алгоритм бир нече мүнөттүн ичинде инфографиканы кантип түзөрүн, күн тартибин талдап, стратегияны иштеп чыгууга жардам берерин көрсөткөн динамикалуу видео.  Финалдык акцент «Жогорку Кеңеш — 2025-жылдын ноябры» жана «Президент — 2027-жылдын январы» деген даталарга жасалат.

«Идеядан жыйынтыкка беш мүнөттө» (15–20 сек.) – технологиялардын иштөө ылдамдыгын көрсөткөн кыска ролик. Консультанттын суроосу заматта инфографикага жана видеоклипке айланып, дароо аудиторияга көрсөтүлөт.

«Келечектин социалдык архитектурасы» (40–50 сек.) – заманбап системалардын ролуна стратегиялык көз караш: жаңылыктарды көзөмөлдөөдөн жана өлкө боюнча маалыматтык себептерди картага түшүрүүдөн тартып, «мурунку жана кийинки» салыштырууларга жана алдыдагы шайлоонун тарыхый маанисине басым жасоого чейин. 

Жыйынтык белгилүү. Жасалма интеллект, анын нейросеттери жана алгоритмдери материалдарды өндүрүү ылдамдыгын гана эмес, Кыргызстандагы шайлоо алдындагы күрөштүн логикасын да өзгөртүүдө. Бирок негизги натыйжа дагы эле стратегияны белгилеп, акыркы чечимдерди кабыл алган адистерден көз каранды.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт