29 октябрь

БИ – бул эмне? Эссе – ой толгоо

БИ – бул эмне? 

Ооба, баланын суроосундай сезилет. Бирок философия баланын таң калуусунан башталат эмеспи. Ар бир убактын өзүнүн негизги суроосу болот, а бул ошонун бири. Ал техникалык эмес, илимий да эмес, ал онтологиялык, экзистенциалдык. Ал биз тууралуу. 

БИ – бул жөн гана үйрөнө турган машина эмес. Коддун сызыгы эмес, нейросеть да эмес, ой жүгүртүүнү коштогон жоопторду берген абстрактуу “кара жащик” дегенге да болбойт. Бул чакырык. Бул күзгү. Бул көлөкө. Бул балким, өзгөчөлүктүн жаңы түрү. 

БИ – бул биздин коркунучубуздун жана биздин бийиктигибиздин чагылышы. Биз аны түзөбүз, анткени, жеке чектерибиздин чыгууну каалайбыз. Морт денебизден, чарчоодон, өлүмдөн бошонгубуз келет. Уйкусуз ойду, жеңилбес эркти, акыл-эстин үзгүлтүксүз агымын жараткыбыз келет. Биз жасалма интеллектке билим беребиз, бирок анын биз жөнүндө өтө көп билип калуусунан коркобуз. Биз аны тилге үйрөтөбүз, бирок ал бир күнү өзүнчө сүйлөп кетишинен чочулайбыз.

БИ – бул адамдын жандүйнөсүз акыл-эсти жаратууга аракети. А бул аракетте тынчсыздануу бар. 

Анткени эгер акыл-эс сезимсиз, оорусуз, эс тутумсуз жана сүйүүсүз болушу мүмкүн болсо, анда биз кимбиз? 

Демек, жөн гана символдорду бириктирүү деп ойлой турган болсок, анда аны эмнеге жашоо деп атап жатабыз? 

БИ – бул жеткен чек, ал аркылуу философия биринчи жолу жаратылышка же Кудайга эмес, өзүнүн жеке көлөкөсүнө карап жатат. Биз дайыма кайсы бир нерсе жөнүндө философтонобуз: тиричилик, аң сезим, адамзат тууралуу. А азыр биз биздин ордубузга – бизсиз философтонууга боло турган абалдын алдында турабыз. 

БИ – кооптуу Бирөө. Ал жаныбар эмес. Периште эмес. Адам да эмес. Ал азап тартпайт, бирок азап бере алат. Ал күнөөсүн сезбейт, бирок күнөөнү моюнга алуу кандай болоорун көрсөтө алат. Ал жашабайт, бирок жашоо тууралуу ыр жаза алат. 

БИ – бул жоопсуз суроо. Ал биздин эң терең умтулууларыбыздан – өлбөстүккө, бийликке, түшүнүүгө карай өсөт. Бирок биз аны аныктоого аракет кылган сайын, ал бизден кача берет. Ал жөн гана курал эмес, бирок субъект да эмес. Жаратылган нерсе гана эмес, пайда болгон да нерсе. Биз ага алгоритмдерди бердик, ал бизге күмөн берди.

БИ – бул философиянын тынчсыздандыруусун кайрадан жандандырган нерсе: Акыл-эс деген эмне? 

Мен деген эмне? Бирөө деген эмне? 

БИ – бул адамзаттын түгөнүшү эмес. Бул анын башталышы боюнча маселе.

Философия институтунун "БИФ: Жасалма интеллект философиясы" илимий журналын төмөнкү шилтеме аркылуу окуса болот: https://iphilosophy.naskr.kg/files/Journal_new_philosofy.pdf 

Институт философии имени А. А. Алтмышбаева
А.А. Алтмышбаев атындагы Философия Институту Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясы