28 ноябрь

Ар 3–6 айда бир жолу сыр сөздү алмаштырып туруу керек

Виртуалдуу дүйнөдө жеке маалыматтарды коргоо азыркы учурда абдан маанилүү маселе болуп калды. Себеби ар түрдүү коркунучтар бар, алардын ичинен негизгилеринин бири — брутфорс ыкмасы. Хакерлер бул ыкманы сыр сөздөрдү бузуп, жеке маалыматтарга уруксатсыз кирүү үчүн колдонушат. Мунун натыйжасында маалыматтар жоголуп, каржылык зыянга же абройго шек келтирүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Жөнөкөй сыр сөздү брутфорс ыкчам менен көздү ачым жумгуча бузса болот. Көбүнчө адамдар сыр сөздү аты-жөнүн же туулган жылын, күнүн колдонушат. Бул маалыматтарды интернеттен заматта таап алса болот. Ошондуктан болушунча татаал сыр сөздөрдү коюу маанилүү жана коопсуз болуп эсептелет. Анан да бир канча тиркемеге ар башка сыр сөздөрдү коюңуз. 12 же андан ашык символ, ар кандай тамгалардан турган сыр сөздөрдү ойлоп тапсаңыз коопсуз болот.

Узунураак сөздөр брутфорстун ишине олуттуу тоскоолдук кылат. Сыр сөздү коопсуз кылуунун дагы башка жолу - бул фразалар, же оюңуздан чыгарылган символдор. Бири-бири менен байланышкан сөздөрдүн узун сөз айкашы ишенимдүү жана эстеп калууга да оңой болот. Ал эми кокустан ойдон чыгарылган символдордун топтому коопсуз, бирок эстеп калууда кыйла оор болот. Сыр көздү коопсуз кылуудагы эң жакшы вариант сөздөрдүн өз ара уйкашы. 

Сыр сөздөрдү телефондун жазууларында же компьютердин браузеринде сактоо кооптуу болуп эсептелет. Анткени, телефонуңуз уурдалса же вирус кирип кетсе сыр сөздөрдүн баары шылуундардын колуна түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан да сыр сөздөрдү эстеп калган гана оң. 

Ар 3–6 айда бир жолу сыр сөздү алмаштырып туруу керек. Эгер шек жаралса же жеке маалыматыңыз шылуундардын колуна түшүп калды деген билдирүү келсе дароо алмаштыруу керек.

Эгерде шылуундар сиздин бир ресурсту бузуп кирсе, калгандарына да оңой эле кирип кетишет. Ошондуктан ар башка сыр сөздөрдү колдонгонго аракет жасоо керек. 

Ринат Советканов