23 январь

Улуттук банк үчүн ачыктык жана каржылык туруктуулук артыкчылык бойдон калууда

Учурда дүйнөнүн айрым борбордук банктары криптовалюталарды өздөрүнүн алтын-валюталык резервдерине кошуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул маселеге кылдаттык менен байкоо салууда. Бирок азырынча бул идеяга бир катар себептерден улам этияттык менен мамиле кылууда.

Биринчи кезекте Улуттук банк алтын-валюталык резервдерди башкаруунун негизги принциптерин карманат: алардын коопсуздугун, ликвиддүүлүгүн жана кирешелүүлүгүн камсыз кылуу. Бул резервдер ишенимдүү жана аз тобокелчилиги бар активдерге гана салынышы керек дегенди билдирет.

Экинчиден, криптовалюталар жогорку туруксуздугу жана наркынын кескин өзгөрүүлөрү менен белгилүү. Бул алардын резервдер үчүн өтө тобокелдүү экенин көрсөтүп турат. Себеби резервдер экономикалык туруктуулуктун кепили катары кызмат кылышы керек.

Дагы бир себеп – криптовалюталардын ликвиддүүлүгүнүн мыйзамдык жана жөнгө салуучу шарттарга көз карандылыгы. Айрым юрисдикцияларда жөнгө салуунун катаалданышы санарип активдердин жеткиликтүүлүгүн жана пайдаланылышын олуттуу чектеши мүмкүн, бул Улуттук банк үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратат.

Андан тышкары криптовалюталар резервдерди түзүү үчүн ишенимдүү курал катары эл аралык деңгээлде тааныла элек. Экономикалык жактан өнүккөн ири өлкөлөрдүн борбордук банктары да санариптик активдердин потенциалын изилдөө менен гана чектелип, аларды өз резервдерине кошо элек.

Ошондой эле криптовалюталарды колдонууда укуктук жагынан бүдөмүк болгонун жана алардын мыйзамсыз иш-аракеттерде колдонуу тобокелдиктерин эске алуу зарыл. Улуттук банк үчүн ачыктык жана каржылык туруктуулук артыкчылык бойдон калууда.

Ага карабастан Кыргызстандын Улуттук банкы заманбап каржылык технологияларды, анын ичинде санарип валюталардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү улантууда. Учурда өлкөнүн экономикасынын муктаждыктарына ылайыкташып, мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайта ала турган өзүнүн санариптик валютасы – «Санарип сомду» иштеп чыгууга чоң көңүл бурулууда.

Улуттук банк дүйнөлдөгү өзгөрүүлөргө кылдат байкоо салып, аларды Кыргызстандын шарттарына ылайык колдонуу мүмкүнчүлүгүн талдап, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн ойлонулган чечимдерди кабыл алууну улантат.

Мелис Тургунбаев
Мелис Тургунбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы