29 июль

Кыргызстан ЖККУнун ролун күчөтүүдө

Кыргызстан 2025-жылы ЖККУ уюмуна төрагалык кылууда. Жакында Чолпон-Ата шаарында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чогулуп, коопсуздук маселеси талкууланды жана радикалдаштырууга, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатында чогуу-чаран аракет көрүү максатында жалпы билдирүү кабыл алынды.

ЖККУ негизи саясий аскердик багытындагы уюм. Ал 10-15 жылда абдан жигердүү аракеттенгендиктен, дүйнө жүзү таанып баштады. Ошондуктан, кийинчерээк БУУ жана ШКУ менен эки тараптуу келишимдерге кол коюуга жетишти.

ШКУ, ЖККУ жана КМШ уюмдарынын структуралары окшошуп кетет. КМШда гана бир топ кеңейтилген, мисалы, чек ара боюнча маселелер да камтылган. Азыркы жаңы коркунучтардын чакырыгы маалында күчтү, аракетти чачыранды кылбай, бириктирип, бир муштумга биригүү, коркунучтарга карата жалпылап күрөшүү актуалдуу.

Кыргызстан өткөн жылдын күзүнөн тартып, ушул жылдын күзүнө чейин төрагалык кылат. Анын алкагында, мүчө-мамлекеттердин башчылары, Коопсуз кеңешинин катчылары, коргоо министрлери чогулат. Андан сырткары орчундуу болбосо да жумушчу топ жана комиссиялар бар, алардын жыйыны өтөт. Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде маселени кабыргасынан койгондуктан, маалыматтык коопсуздук маселеге өзгөчө маани берилип, жумушчу топ түзүлдү. Мисалы, виртуалдык дүйнө жашообуздун бир бөлүгүнө айланып, азыр көп коркунучтар ошол жактан да келе баштады. Интернет мейкиндиги аркылуу террористтик актылар даярдалып жатат, жаш балдардын өз өмүрүнө кол салуусу күчөп баратат. Ошондуктан, виртуалдык мейкиндиктеги процесстерди көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Аны чыгарып салгандыктан абал оорлошту. ЖККУ коопсуздук маселесине басым жасаган уюм. Чынында коопсуздук бекем болбосо, ички, тышкы саясат, социалдык өнүктүрүү программалары ишке ашпайт.

ЖККУ өзүнүн 33 жылдан берки ишмердүүлүгүндө көптөгөн жаңжалдарды жөнгө салууга жетишти. 1995-96-жылдары Тажикстанда жарандык согуш орун алганда, бир гана ЖККУ эмес, КМШ, ШКУ уюмдары биргелешип, тажик бийлигине, өкмөтүнө жардам берип, кырдаалды чечүүгө кол сунган.

1994-жылы Карабак маселесинин жөнгө салынышына таасири зор болду.

1999-2000-жылдары Кыргызстандын башына да мүшкүл түшүп, Баткен окуясы орун алган. Анда да ЖККУ, коңшу мамлекеттер жардам берип, кырдаалдан ийгиликтүү чыгып кеттик.

2022-жылдын январында Алматыдагы окуяда да казак президентинин суранычы менен ЖККУ аскерлери кирип, акыбалды жөнгө салды.

Бирок буга карабай айрым эксперттер Азербейжан-Армения чатагын карманып, ЖККУга таарынычын билдиришет.

Буга бир нече себептер бар, биринчиден, Карабакты Армения мыйзамсыз басып алганын тастыктаган үч документ - БУУнун, ЕККУнун жана Минск тобунун чечими бар болчу.

Анын үстүнө ЖККУнун уставында – мүчө-мамлекеттерге тыштан агрессия болгондо гана кийлигишет деп турат.

Токон Мамытов
Токон Мамытов ммамлекеттик жана саясий ишмер