27 июль

Жеке эксперттер жана лабораториялар Кыргызстандын сот тутумунда иштей алышат

Кыргызстанда экспертизаны талап кылган 17 иш категориясы бар, подкатегорияны кошуп эсептегенде 64 болот. Бирок бүгүнкү күндө өлкөдө экспертизанын болгону 49 түрү гана жеткиликтүү. Калгандарын жабдыктар же адистер жетишпегендиктен жасоо мүмкүн эмес.

Анткени, соттук экспертиза – бул жөн гана административдик кызмат эмес, а жогорку технологиялуу жабдыктарды жана үзгүлтүксүз профессионалдык өсүштү талап кылган толук кандуу илимий ишмердүүлүк. Биз техникалык жабдуу жактан бир топ артта калдык. Мисалы, бизде ушул убакка чейин ДНК-экспертиза жүргүзүлбөйт, болбосо ал кылмыш иштеринде да, жарандык иштерде да абдан суроо-талапка ээ. Адамдар коңшу өлкөлөргө кайрылууга же бир нече айлар бою күтүүгө аргасыз. Бул туура эмес. 

Бул Казакстан, Өзбекстан, Россияда көнүмүш практика, ошондой эле Европа биримдигинин бир катар өлкөлөрүндө бар. Ал жакта мамлекет экспертизаны монополия кылбайт, тескерисинче жеке рыноктун өнүгүшүнө түрткү берет. Бул мамлекеттик лабораториялардын жүгүн жеңилдетет жана сапаттуу эксперттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү күчөтөт. 

Былтыр биздин кызмат 5700дөн ашык экспертиза жүргүздү, алардын 80%ы биринчилик. Бул чоң жүк. Мисалы, баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар бөлүмүндө болгону он адам иштейт, алар күн сайын маанилүү деталдар менен алектенишет: бут кийимдин изинен баштап куралды идентификациялоого чейин. Бирок мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү — биз молекулярдык изилдөөлөрдү же татаал техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзө албайбыз.

Биз мындай тобокелдиктерди азайтуу механизмдерин карадык. Арыз ээси түздөн-түз экспертке кайрылбайт — ал Палатага арыз берет, а Палата сертификатталган адисти дайындайт. Мындан тышкары, тарифтер туруктуу жана ачык болот. Бүткүл система стандарттарга, сертификацияга жана ачыктыкка негизделген. Палата тарабынан аккредиттелген эксперттердин корутундулары юридикалык күчкө ээ болот. Ошондой эле бул чет өлкөдө иштеп жаткан адистерибизди өлкөгө кайтарууга мүмкүндүк берет деп үмүттөнүп жатабыз.

Соттор жана жарандар кесипкөй эксперттик корутундуларды тез, объективдүү жана заманбап стандарттарга ылайык ала алышат. Бул сот системасы үчүн гана эмес, жалпысынан адам укуктарын коргоо үчүн да маанилүү кадам.

Орозбек Сыдыков
Орозбек Сыдыков юстиция министринин орун басары