Адамды жеңиштер эмес, көңүл калуулар өзгөртөт
Адам тууралуу эң маанилүү нерсе коом айтып жүргөн сөздөр эмес, анын ичиндеги жашыруун дүйнөсү. Ар бир адамдын ичинде эч ким толук билбеген сыр бар. Кээде адам өзү дагы ошол сырды түшүнө албай өмүр өткөрөт. Коом көбүнчө адамдын көрүнгөн тарабын гана баалайт: кызматын, сөзүн, ийгилигин же аброюн. Бирок адамдын чыныгы жүзү ал жалгыз калганда ойлогон ойлорунда, үн катпай көтөргөн азаптарында жана эч кимге айтылбаган кыялдарында жашайт. Менимче, адам өмүр бою өзүнүн ички дүйнөсүн издеп жашайт. Айрымдар аны жаш кезинде табат, айрымдар таппай кетет. Эң оор сапар - бул өзүңө жеткен жол.
Адамды өзгөрткөн нерсе көбүнчө жеңиш эмес, көңүл калуулар болот. Жеңиш адамга күч берет, өзүнө болгон ишенимди арттырат. Бирок жеңиш ар дайым адамды бактылуу кылбайт. Ал эми көңүл калуу адамды токтотот, ойлонтот, ичин аңтарууга мажбурлайт. Адам эң чоң сабакты оор күндөрдөн алат. Себеби кыйынчылык адамдын чыныгы мүнөзүн ачат.
Жашоодо мен дагы көп нерсеге кабылдым. Айрым учурларда адамдардан, айрым учурда турмуштун өзүнөн көңүл калды. Бирок дал ошол учурлар мени өзгөрттү. Эгер адам жыгылган сайын кайра тура билсе, анда ал руханий жактан күчтөнөт. Кээде жеңилүү жеңиштен да пайдалуу болуп калат. Анткени жеңиш текеберликти жаратышы мүмкүн, ал эми көңүл калуу адамды акылмандыкка жакындатат.
Адам жалгыз калганда ал өзүнүн абийири менен сүйлөшөт. Жалгыздык бул коркунучтуу нерсе эмес. Тескерисинче, ал адамдын ички үнүн угууга мүмкүнчүлүк берген абал. Азыркы дүйнөдө адамдар көп сүйлөйт, бирок өзүн укканды унутуп бара жатат. Кээде тынчтык адамга миң сөздөн да көбүрөөк жооп берет.
Мен көбүнчө Жараткан менен адамдын абийиринин ортосундагы байланышты ойлоном. Эгер адамдын абийири таза болсо, анда анын руханий дүйнөсү дагы күчтүү болот. Ошондо кадимки эсептеги 1 + 1 эмес, 3 деген жыйынтык жаралат. Бул руханий синергия. Адам дүйнөнү өзгөртүүдөн мурда өзүнүн ичин тазалашы керек. Себеби ички дүйнө тынч болмоюнча, сырттагы гармония дагы жаралбайт.
Айрым сөздөр убакыт өткөн сайын эскирбейт. Тескерисинче, алардын мааниси жыл өткөн сайын тереңдей берет. Менин жашоодогу урааным: «Жакшылык кыл, ошондо бактылуу болосуң». Бул жөнөкөй сөз сыяктуу сезилгени менен, анын ичинде чоң философия жатат. Азыркы заманда адамдар бакытты байлыктан, атактан же бийликтен издейт. Бирок чыныгы бакыт бул адамдын ичинде. Эгер сен бирөөгө жакшылык кылсаң, өзүң үчүн дагы чоң иш кылган болосуң.
Жашоодо жолуккан айрым адамдар дагы эстен кетпейт. Кээ бир адамдар бир эле сөзү менен адамдын тагдырын өзгөртүп коёт. Ошондуктан адам сүйлөгөн ар бир сөзүнө жоопкер болушу керек.
Мен бакытты чоң окуялардан эмес, майда көрүнгөн көз ирмемдерден табам. Адам кээде чоң максаттарды кубалап жүрүп, жанындагы жөнөкөй сулуулуктарды байкабай калат. Кээде жакшы кабар угуп, кээде бир адамдын жылмайганын көрүп, же жөн гана тынч таң атканын сезип эле өзүмдү бактылуу сезем. Бакыт – бул келечекте жетчү нерсе эмес. Ал азыркы учурду сезе билүүдө. Эгер адам бүгүнкү күндүн баркын билсе, анда ал бактылуу жашай алат.
Мен үчүн эң чоң байлык ички тынчтык. Себеби, жан дүйнө тынч болсо, адам бардык нерседен жарык көрө алат.
Тил билүү – бул жөн гана сөздөрдү үйрөнүү эмес, башка дүйнөлөрдү таануу. Ар бир тил өзүнчө маданият, өзүнчө ой жүгүртүү. Менин бир нече тил билүүм балким эмгектин гана эмес, чоң атамдан өткөн касиеттин дагы таасиринен болсо керек. Айрым нерселер адамга кан менен келет. Ар бир тилдин ичинде которууга мүмкүн болбогон сөздөр болот. Алардын маанисин сөз менен эмес, жүрөк менен түшүнөсүң. Мисалы, биздин мөмөлөрдөн апельсиндин даамын таба албагандай эле, айрым түшүнүктөр ар бир элдин рухуна гана тиешелүү. Тил адамдын дүйнөсүн кеңейтет. Канчалык көп тил билсең, ошончолук көп адамдын жан дүйнөсүн түшүнө баштайсың.
