16 сентябрь

Парламенттин алсыз болушуна кандай жагдайлар себеп 

Акыркы учурда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары өз каалоолору менен мандаттарын тапшырды. Бирок бул көрүнүш “позициясы бар депутаттардын баары кетүүгө аргасыз болду” дегенди билдирбейт. Коомчулукта ушул өңдүү пикирлер жаралып жатат, а мен ага кошулбайм. Жогорку Кеңеште өз оюн ачык айткан депутаттар дагы деле бар.

Негизинен парламенттеги жагдайларды эске алып, анализ жасасак, партиялардын кадырынын кеткени, депутаттардын мандатын тапшырганы парламенттин жана саясий партиялардын кризиске кептеле баштаганын баамдатат. Бирок бул процесс кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери  саясый партиялардын толук өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берилбей келе жатат.  Кайсы бийлик келбесин, “Алга Кыргызстан”, “Акжол” сыяктуу өз партиялары түзүлүп, алардын калыптанышына шарттар каралды, а башка партиялар көз жаздымда калды. 

Анткен менен бийликчил партиялар ошол өз учурунда дүркүрөгөнү менен кийин жок болуп кетет. Эмне себептен? Бул үчүн  бир тарапты күнөөлөөгө болбойт. Ал турмак социалисттик партиялар дагы өзүнүн миссиясын аткара албай калганын көрдүк.  Ошол эле “Ата- Мекен”, “Социал- демократтар” бийликте турганда дагы социалдык маселелер толугу менен чечилбеди. Ал маселелерди учурда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чоң саясий программага айлантып, ишке ашырууда. Мисалы, социалисттик, коммунисттик саясий партиялар Кумтөрдү элге кайтаруу, ал жактагы коррупциялык схемаларды ачыктоо боюнча эч кандай аракет жасашпаган.

Чынында Кумтөр мамлекет үчүн да, эл үчүн да маанилүү долбоор. Бирок саясий партиялардын лидерлери партиясын таасирдүү кылуу үчүн социалдык, элге, мамлекетке керектүү маселелерди көтөрүп чыгуу, аны чечүүнү колго алуунун ордуна, коррупциялык схемаларда аты аталган күмөндүү адамдарды катарына кошту, алар менен чогуу бийликке жетүүгө умтулушту. Ушунун баары жогоруда айтылгандай саясий партиялардын, парламентаризмдин  кризисине алып келип, парламенттин алсыз болушуна жол ачты. 
 

Бакытбек Жумагулов
Бакытбек Жумагулов Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясат талдоочу