18 май

Ислам дүйнөсүнүн биримсиздиги Палестинанын трагедиясын күчөтүүдө

Жакынкы Чыгыш формалдуу түрдөгү тынчтык келишимине жарым жылдан ашуун убакыт өттү, бирок дагы деле "тоңдурулган кризис" абалында турат. Газа секторунда жаңжал башталгандан бери каза болгондордун саны 2026-жылдын май айына карата 72,6 миңден ашты. 

Палестина маселеси – бул азыркы замандын эң эски жана оор конфликттеринин бири, ал жүз жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жатат. Осмон империясы кулагандан жана Британиянын мандатынан кийин эки улуттук долбоор – Палестина жана Израил долбоорлору кагылышты. 1967-жылдагы окуялардан соң, Израил Чыгыш Иерусалимди, Батыш жээкти жана Газа секторун көзөмөлгө алгандан кийин, конфликт жаңы фазага өттү. 

ХАМАСтын 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салуусунан жана Израилдин Газа секторундагы масштабдуу аскердик операциясынан соң жөнгө салуунун дипломатиялык жолдору терең кризиске кептелди.

Палестина аймактары эки бөлөк бөлүктөн турат: Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Газа сектору. Батыш жээги Иордания жана Израил, ал эми Газа сектору Египет жана Израил менен чектешет. 

Тарыхый жактан алганда, чыр-чатактын тамыры 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башына барып такалат, ал кезде Европада антисемитизмдин күчөшүнүн фонунда еврейлердин Палестинага миграциясы көбөйгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан жана Холокосттон кийин көчүү массалык мүнөзгө ээ болгон. Кийинчерээк БУУ эки мамлекетти – Израилди жана Палестинаны түзүүнү сунуштаган, бирок араб өлкөлөрү мындай чечимге каршы чыгышкан.

Конфликттин диний себеби да маанилүү. Иерусалим бир эле учурда үч дүйнөлүк дин – ислам, христиан жана иудаизм үчүн өзгөчө мааниге ээ. Мусулмандар үчүн ал жерде Аль-Акса мечити, христиандар үчүн Ыйык Мүрзө храмы, иудейлер үчүн Батыш дубалы жайгашкан. 

Ошондуктан конфликт аймактык жана саясий гана эмес, диний мүнөзгө да ээ. Бул аны жөнгө салууну ого бетер сезимтал жана татаал кылат. 

Бирок кандай болбосун, эч жерде жана эч качан зомбулукту актоого болбойт, илимий жана адамдык көз караштан алганда да. Бүгүнкү күндө Газа секторунда эл аралык уюмдардын жана Бүткүл дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча оор гуманитардык кризис байкалууда. Инфратүзүмдүк объектилер талкаланып, миллиондогон адамдар өтө оор шартта калды. 

Көптөгөн эл аралык уюмдар Израилдин аракеттери эл аралык укуктун ченемдерине каршы келерин билдирүүдө. Барган сайын көп мамлекеттер жана саясатчылар Палестина калкына карата геноциддин белгилери бардыгын айтып башташты.

Бул жаңжал мусулман дүйнөсүнүн биримдигине таасир эткен жок, мусулман дүйнөсү Палестинанын айланасында бирикти деп айтууга болбойт. Ислам дүйнөсүндө олуттуу карама-каршылыктар сакталып турат, анын ичинде сунниттер менен шииттердин ортосунда.

Иран Палестина багытын өзүнүн прокси-структуралары, анын ичинде "Хезболла" жана ХАМАС  аркылуу активдүү колдойт. Түркия дагы Жакынкы Чыгыштагы таасирин күчөтүүгө умтулуп, өзүн палестиналыктардын коргоочусу катары көрсөтүүдө. 

Ошол эле учурда көптөгөн араб өлкөлөрү өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан жана АКШ менен болгон мамилесинен улам этият позицияны карманышат. 
Дүйнөлүк державалардын конфликттеги ролу: АКШ Израилдин негизги союздашы бойдон калууда. Израилде олуттуу технологиялык жана аскердик артыкчылык бар, ал эми анын коргонуу бюджети жылына болжол менен 24 миллиард долларды түзөт. 

Бирок БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдардын сунуштары көп учурда эске алынбайт. Бул эл аралык институттарга болгон ишенимди кетирип, глобалдык коопсуздуктун учурдагы тутумунун кризисин көрсөтөт.

Азыр мен кырдаалга реалдуу таасир этип, толук жөнгө салууга жетише турган күчтү же лидерди көрбөй турам. Конфликт кеңейип, Ливанды, Сирияны жана аймактын башка өлкөлөрүн камтууда. 

Мында биринчи кезекте жай тургундар – балдар, аялдар, карылар жабыркап жатышат. Эл аралык олуттуу аракеттер жана саясий эрк болбосо, кризис дагы көп жылдарга созулушу мүмкүн.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт