2 июль

Мамлекетсиз эл: алар кимдер жана бул эмне үчүн маанилүү

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар өзүнүн мекени жок элге кирет. Алар башка мамлекеттердин курамында, көп учурда саясий жактан укуксуз болуп, тилин жана маданиятын коргой албай жашашат. Бири көз карандысыздык үчүн күрөшсө, экинчиси алардын үнүн угуп коюуларын гана каалашат. 

Мамлекетсиз эң ири эл – тамилдер, 80 миллиондон ашуун адам. Алар Түштүк Индияда жана Шри-Ланкада жашашат. Илгери жеке республикасын түзүү максатында куралдуу күрөш жүргүзүшкөн. Бул өз өлкөсүн түптөө ниети көп жылдык жарандык согушка алып келген сейрек көрүнүштүн бири болуп калды. 

Андан кийин – кантондор, 68 миллион адам. Алар Кытайдын түндүк аймактарын – Гуандун, Гонконг, Макаону байырлашат. Түндүк кытайлыктардан айырмалап турган өздөрүнүн тили жана маданий салты бар. Формалдуу түрдө кантондор кытай улутунун бир бөлүгү болуп саналганына карабастан, ич ара бөлүнүү жана борбордун саясатына нааразычылык сакталып келет. 

Оромо – Эфиопиянын ири этносу (41 миллиондон ашуун). Көп жылдар бою аларды бийликке жакындатышкан эмес. Азыр кырдаал бир аз өзгөрдү, бирок автономияга болгон умтулуулары баштагыдай эле күчтүү бойдон калды. 

Йоруба жана игбо (ар бири 33-35 миллиондон) Нигерияда жашашат. Игбо 1960-жылдары көз карандысыз Биафраны түптөөгө аракеттенген. Бирок ал кандуу согуш менен аяктаган. Бүгүнкү күндө да өзүнчө бөлүнүү идеясы кайрадан баш көтөрдү. 

Курддар – эң бир белгилүү мамлекетсиз элдердин бири. Саны 33 миллиондун тегерегинде. Алар Түркияда, Иранда, Иракта жана Сирияда жашашат. Иракта курддар кеңири автономияга жетишти, Сирияда толук аймакты көзөмөлдөшөт, а Түркияда басымга жана куугунтукка кабылышат. Курд маселеси ушул убакка чейин Жакынкы Чыгыштын курч көйгөйү болуп турат. 

Окситандар – 11 миллион адам, Франциянын түштүгүн, жарым жартылай Испанияны жана Италияны байырлашат. Бай тарыхка ээ болгонуна карабастан, алардын тили дайыма кысымга учурайт. Аларда саясий амбиция жок, бирок маданий өзгөчөлүк тез жоголот. 

Уйгурлардын абалы өзгөчө көңүл бурдурат – түрк тилдүү мусулман эл, саны 15 миллиондой. Алар Кытайдын Синьцзянында жашашат. Эл аралык коомчулук Пекинди репрессияга, диний практикага тыюу салууга жана улуттук өзгөчөлүгүн жок кылуу аракетине айыптап келет. 

Хазарейлер – Афганистандагы шиит азычылыгы. Пакистандагы жана Ирандагы диаспораларды кошкондо, саны 11 миллиондой. Алар ар кайсы режимдин репрессиясына туш болушкан, бийликке талибдер келгенден кийин кайра эле аялуу катмарга айланышты. 

Цыгандар (рома) – 11 миллиондой адам. Алардын жалпы аймагы жок, бирок тили, салты жана өздөрүнө таандык болуу сезими күчтүү. Басымдуу бөлүгү Европада отурукташкан жана жакырчылыктан, дискриминациядан жана социалдык изоляциядан жабыркашат. 

Өнүккөн өлкөлөрдө жашаган, бирок ага карабай баары бир чоңураак өз алдынчалуулукка умтулган элдер бар. Мисалы, Испаниядагы каталондор (8,5 млн) жана Канададагы квебектер (8,2 млн). Каталония көз карандысыздык боюнча эки референдум өткөрүштү. Квебекте өз алдынча болуу идеясы солгундаганы менен таптакыр жок боло элек. 

Андалусийлер (9,5 млн) жана зулу (12 млн) маданий жана тарыхый башатын сактайт, бирок өз алдынча бөлүнүүнү талап кылышпайт. Ушундай эле көрүнүш белужилерге да тийиштүү – Иран, Пакистан жана Афганистанда жашаган 10 миллиондон ашуун адам. Пакистанда белужи улутундагылардын жарымы эгемен Белужистанды түптөө үчүн куралдуу көтөрүлүштөрдү колдойт. 

Ири элдердин жеке мамлекетинин жоктугу – бул жөн гана статистика эмес. Кеп таанууну, урматтоону жана өз маданиятын сактап калууга мүмкүнчүлүктү талап кылган жамааттар тууралуу болууда. Кайсы бир жерде бөлүнүү чакырыктары угулат. Кайсы бир жерде тили, билим алуусу жана башкарууга катышуусу үчүн тынч күрөштөр жүрөт. 

Бул үндөрдү көңүл сыртында калтыруу конфликтке, репрессияга жана саясий туруксуздукка алып келет. Глобализациянын жана миграциянын шартында көйгөй курчуп жүрүп отурат. 

Эгемендүү мамлекет – бул жалгыз жол эмес. Бирок мамлекетсиз элдер саясий катышуусу жана укуктук жактан коргоосу болбосо, өзүн жоготуу коркунучуна кез келет. Алардын бардыгын кабыл алуу жана акыл эстүү саясат – бул бир гана акыйкаттуулук эмес, туруктуулуктун да маселеси.

Кайрат Телеушев
Кайрат Телеушев саясат таануучу, "Гуров жана өнөктөштөр - Борбордук Азия" PR-компаниясынын башкы директору