Парламенттик шайлоо – системадагы “перезагрузка”
Президент Садыр Жапаровдун элге кайрылуусун жана Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген парламенттик шайлоонун контекстин талдоо менен бир катар маанилүү тыянактарды чыгарууга болот.
Президент парламент өзүн өзү таркатканына байланыштуу Жогорку Кеңештин VIII чакырылышын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялады. Мындай чечим саясий туруктуулукту камсыздайт жана шайлоонун эл аралык иш чараларга туш келишинен куткарат – ШКУ саммити жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну.
Мамлекет башчы кайрылуусунда процессти санариптештирүүгө жана автоматташтырууга басым жасоо менен “эң бир ачык-айкын жана акыйкат шайлоо” өткөрүү ниетин билдирди. Добуш саноодо адам факторун жок кылуу жана жыйынтыкты дароо компьютердик система аркылуу алуу мурда саясий кризиске жана бийликтин алмашуусуна алып келген фальсификация тобокелчилигин азайтышы керек.
Кайрылуунун өзөгү аң сезимдүү добуш берүүгө жана аймактык принциптен баш тартууга чакыруу болду.
Президент шайлоочуларга талапкердин кайсы аймактык экенине эмес, татыктуу экенине карай баа берүүнү, популизмге ишенбөөнү, добуштарды сатып алууга аралашпоону сунуштады. Ошондой эле, көзөмөлдү коомго өткөрүп берүү менен жарандарды добуш сатып алуу фактыларын өз алдынча аныктоого чакырды.
Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, ар бир округдан үч депутат шайланат жана бир орун аялдарга бекитилет. Мындай модель гендердик тең салмактуулукту камсыз кылууга жана парламенттин легитимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Садыр Жапаров ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана дарыгерлер административдик кийлигишүүгө барбашы керектигин катуу эскертип, жумуштан бошотуу жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутту. Ошол эле учурда шайлоону жеке көзөмөлдөй турганын билдирди, бул чынчылдыктын кепилдиги катары да, таасир этүү куралы катары да каралышы мүмкүн.
Жаңыланган системанын фонунда саясий ландшафттын кайра курулушу жана жаңы оюнчулар пайда болушу мүмкүн, бирок саясий элитага болгон ишенбөөчүлүктүн деңгээли жогору бойдон калууда. Эгерде ачык-айкындуулук камсыздалса, нааразычылык акцияларынын тобокелдигин азайтууга болот, антпесе чыңалуу күчөйт.
Добуштарды эсептөөнү автоматташтыруу жана өкүлчүлүктүн жаңы түзүмү оюндун эрежелерин өзгөртүп, манипуляциядан технологиялык коргоону жаратат. Бирок система көз карандысыз мониторинг жана маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүк болгондо гана эффективдүү болушу мүмкүн.
Шайлоо чындап эле өнүгүүнүн башаты болушу үчүн, процедураны жаңылоо эле эмес, процессти реалдуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу зарыл. Эң алды менен шайлоо жыйынтыгы акыйкат чыгарылганына шектенүү жаралбашы үчүн эл аралык катышууну камтыган көз карандысыз байкоо жүргүзүү зарыл. Жарандардын саясий сабаттуулугун жогорулатуу да маанилүү, ошондо адамдар өздөрүнүн ролун түшүнүп, кысымга кабылышпайт.
Негизги шарт – добуштарды сатып алууга катуу каршы туруу бойдон калат, анткени ар кандай фальсификация шайлоо механизминин баалуулугун жоготот. Ошол эле учурда парламент айрым элиталарды гана эмес, жалпы өлкөнү чагылдырышы үчүн аймактардын жана социалдык топтордун кызыкчылыгын эске алуу керек. Санариптик системаларды кийлигишүүдөн коргоо дагы кепилдениши керек, антпесе автоматташтыруу шектенүүнүн булагына айланат.
Ошентип, президенттин кайрылуусу саясий процесстин санариптик ачык-айкындуулукка, шайлоочулардын жеке жоопкерчилигине жана гендердик теңчиликке негизделген жаңы моделин көрсөтөт.
Системалык өзгөрүүлөрдүн потенциалы бар. Ал коомдун ишеними жана айтылган принциптерди катуу кармоо менен гана ишке ашырылса керек.
