1 март

Жогорку жетекчиликке урулган соккудан кийинки Иран: кризиспи же мобилизация? 

Иранда жогорку лидер Али Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Расмий маалыматка ылайык, ал 28-февраль күнү эртең менен өз резиденциясында өлтүрүлгөн.

Иран телеканалдары Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Али Шамханинин жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы генерал-майор Мохаммад Пакпурдун өлүмүн ырастады. Америка тараптын билдирүүсүнө ылайык, соккулардын натыйжасында 40ка жакын ирандык аткаминер жок кылынган. Ошондой эле жогорку лидердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бир нечеси каза болгону кабарланууда.

Бул окуя өлкөнүн жогорку саясий жана аскердик жетекчилигине болуп көрбөгөндөй сокку болду. Бул башкаруу системасын башы жок калтыруу аракетине окшош жана салттуу түрдө душманды моралдык жактан түшүрүүнүн жана мамлекетти туруксуздаштыруунун жолу катары каралат.

Бирок Иран бийлигинин өзгөчөлүгү анын институционалдык туруктуулугунда. Жогорку лидер – башкы фигура, бирок система бир эле адамга байланган эмес. Иран Конституциясына ылайык, рахбар каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары убактылуу атайын коллегиялык органга өтөт, ал эми жаңы лидер тууралуу акыркы чечимди Эксперттер кеңеши кабыл алат. Ошол эле учурда күч блогу, биринчи кезекте Ислам революциясынын сакчылар корпусу өзүнүн структуралык автономиясына жана терең кадрдык вертикалына ээ. Иранда айрыкча тышкы басымдын туруктуу шарттарында, мураскорлук механизмдери жана резервдик башкаруу контурлары алдын ала түзүлөт.

Тарых көрсөткөндөй, негизги фигураларды жок кылуу коомдун ыдырашына эмес, консолидацияланышына жана саясаттын катаалдашына алып келиши ыктымал. Идеологиялык мобилизациялык модели бар мамлекеттерде тышкы коркунуч көбүнчө ички биримдиктин факторуна айланат. 

Жасалган сокку Ирандын мобилизацияланышына алып келеби же Трамптын администрациясы алдыга жылдырып жаткан сценарий боюнча мамлекеттин алсырашына, алтурмак ыдырашына алып келеби, муну жакынкы убакыт көрсөтөт.

Кайрат Телеушев
Кайрат Телеушев саясат таануучу, "Гуров жана өнөктөштөр - Борбордук Азия" PR-компаниясынын башкы директору