Ислам дүйнөсүнүн юридикалык борборлору Өзгөн жана Маргылаң: Кыргызстанды эмнеге үйрөтө алат?
Эмне үчүн XI–XII кылымдарда укуктук маанилер борборлордо гана эмес, башка жерлерде да жаралган, бул модель эмнеси менен туруктуу болгон жана Кыргызстан бул тажрыйбадан бүгүн эмнени колдоно алат.
Биз укук бийлик, соттор жана мамлекеттик институттар топтолгон борборлордо түзүлөт деп кабыл алууга көнүп калганбыз. Бирок ислам цивилизациясынын тарыхы башка логиканы көрсөтөт. Эң маанилүү юридикалык эмгектер Багдадда, Дамаскта же Каирде гана эмес, Фергана өрөөнүнүн салыштырмалуу чакан шаарларында да жазылып, окутулган. Андан тышкары, дал ошол аталган тексттер кийинчерээк кылымдар бою ислам дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарындагы соттор жана окумуштуулар үчүн багыт болгон. Эмне үчүн мындай болгон, мындай моделдин күчү эмнеде эле жана ал Кыргызстанды бүгүнкү күндө эмнеге үйрөтө алат деген суроо жаралат.
Бул тезис интеллектуалдык таасир ар дайым саясий статус менен дал келе бербестигин билдирет. Укук тарыхында негизги идеялар жана фундаменталдык тексттер империялык борборлордо эмес, административдик жактан периферия деп эсептелген шаарларда пайда болушу мүмкүн эле.
Ага Фергана өрөөнүнүн эки шаары жакшы мисал. Өзгөн менен ханафи мазхабынын ири укукчуларынын бири Абу Бакр ас-Сарахсинин (болжол менен 1090-жылы каза болгон) ысымы байланыштуу. Дал ошол жерде, сүргүндө жүргөндө, анын ислам укугу боюнча эң маанилүү эмгекке айланган көп томдук «Аль-Мабсут» аттуу эмгеги жаралган. Маргылаң менен Бурхануддин аль-Маргинанинин (1123–1197) ысымы байланыштуу, ал «Аль-Хидая» эмгегинин автору, бул эмгек кылымдар бою ханафи укугу боюнча авторитеттүү колдонмо катары колдонулуп келген.
Башкача айтканда, укуктук маанилер бийлик жайгашкан жерде гана жаралган эмес. Кээде картадагы провинциялык шаар юридикалык билимди өндүрүү жагынан борбор калаадан алда канча маанилүү болуп чыккан. Чындыгында, эки окумуштуу тең: ас-Сарахси, аль-Маргинани ири борбордук мектептердин (бухаралык, самарканддык, багдаддык) мурасына таянганын тактоо керек. Алардын уникалдуулугу мазхабды "нөлдөн" түзүүдө эмес, системалаштырууда жана комментарийлөөдө болгон.
Эмне үчүн так Өзгөн менен Маргылаң, бул кокустукка караганда көбүрөөк мыйзам ченемдүүлүк. XI–XII кылымдарда Фергана өрөөнү чет жака эмес болчу. Аталган аймак Борбордук Азиянын соода, билим берүү жана интеллектуалдык байланыштарына кирген. Өзгөн менен Маргылаң Бухара, Самарканд жана башка диний борборлор менен туруктуу байланышта болгон.
Бул жерде шаардык маданият өнүккөн, билим берүү каналдары, медреселер иштеп турган. Жогоруда аталган факторлордун баары укуктук ойдун өнүгүшүнө шарт түзгөн.
Бирок дагы бир маанилүү нерсе бар. Ислам укуктук салты окумуштуунун сөзсүз түрдө сарайда же борбордук мекемеде болушун талап кылган эмес. Анын кадыр-баркын билимдин тереңдиги, булактарга ээлик кылуусу, аргументинин күчү жана кесиптик коомчулук тарабынан таанылуусу аныктаган. Ошондуктан география маанилүү болгон, бирок чечүүчү болгон эмес.
Ислам модели Батыш Европа менен Американын моделдеринен эмнеси менен айырмаланарын аныктоодо түздөн-түз салыштыруулардан качуу маанилүү, бирок негизги айырмачылык борборлоштуруунун деңгээлинде жана укуктук авторитеттин кантип калыптанышында жатат.
Континенталдык европалык салтта (айрыкча Наполеондон кийин) укук жогорудан ылдый карай түзүлөт. Норма борбордо түзүлүп, мамлекет тарабынан бекитилет жана андан кийин бүтүндөй аймакка жайылтылат. Бул жерде укук түзүү мейкиндиги менен бийликтин мейкиндиги тыгыз шайкеш келет.
Англосаксондук (англиялык жана америкалык) моделде соттук чечмелөө, конституциялык талаш-тартыштар жана прецедент чоң ролду ойнойт. Бирок ал жакта да укук түзүү борбор калаанын сотторуна жана мыйзам чыгаруу органдарына катуу байланышкан.
Ислам модели башкача курулган. Анда ар кайсы шаарларга жана аймактарга бөлүнгөн мектептердин, тексттердин, комментарийлердин жана башкаруучулардын тармагы болгон. Бир дагы борбор калаа юридикалык билим өндүрүүгө толук монополияга ээ болгон эмес. Эгер күчтүү текст Маргылаңда пайда болгон болсо же Өзгөн менен байланышкан болсо, анда ал өз мекенинен алыс жакта таанылып калышы мүмкүн эле.
Анын практикалык натыйжасы, биринчиден, туруктуулукту камсыз кылды. Багдад эң ири саясий жана маданий борбор катары мурунку абалын жоготкондо, ислам укуктук салты жоголгон жок. Ал ислам дүйнөсүнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү көптөгөн мектептерге, мугалимдерге, тексттерге жана комментарийлерге таянган бөлүштүрүлгөн интеллектуалдык система катары мурунтан эле бар болчу.
Бул жагдай укук мамлекеттик институттарда гана эмес, билим берүү чөйрөсүндө, сот практикасында, окутууда, мугалимден окуучуга билим берүү чынжырларында жашоосун улантканын билдирген. Мындай модель бир саясий борбордун тагдырына азыраак көз каранды болуп, туруктуулуктун чоң запасына ээ болгон.
Ошондуктан Өзгөндө же Маргылаңда жаралган эмгектер кылымдар бою өз авторитетин сактап кала алган.
Бул модель ушунчалык күчтүү болгонуна карабай, Өзгөн жана Маргылаң бүгүнкү күндө укуктук борборлор болуп эсептелүүдөн калды. Анткени мындай салтты өнүктүргөн тарыхый чөйрө убакыттын өтүшү менен өзгөргөн. Орто кылымдардагы укуктук маданият мектептердин, билим берүү институттарынын үзгүлтүксүздүгүнө, тилдик даярдыкка жана билим берүүнүн туруктуу механизмдерине негизделген. Кийинчерээк бул чөйрө акырындык менен өзгөргөн.
Чөлкөм олуттуу саясий, экономикалык жана институционалдык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Россия империясынын, андан кийин советтик мамлекеттик-укуктук системанын курамына кирген мезгилде укуктук өнүгүү башка негизде курула баштаган. Ошол шартта исламдын классикалык юридикалык салты коомдук укуктук жашоодо мурдагы өз алдынча ролун ойнобой калган.
Бүгүнкү күндө көйгөй – өткөн унутулуп калгандыгында эмес, бул мурасты азыркы илимий деңгээлде иштете турган тынымсыз илимий-изилдөө жана билим берүү мектебинин жоктугунда.
Мындай ыкма биринчи кезекте, укук татаал социалдык чындыкка туш болуп, административдик механизмдер аркылуу гана натыйжалуу иштей албаган жерде актуалдуу. Эң айкын мисалдардын бири – диний чөйрөнү жөнгө салуу.
Заманбап мамлекет светтик укуктук системанын алкагында иштейт, бирок коомдук турмуш көптөгөн формалдуу эмес практикаларды, жергиликтүү авторитеттерди, үй-бүлөлүк нормаларды жана өзүн-өзү уюштуруу ыкмаларын камтыйт. Мындай көрүнүштөрдү этибарга албоо – чындыкты жөнөкөйлөтүү дегенди билдирет.
Ислам укуктук салтынын тажрыйбасы бул жерде заманбап доорго түздөн-түз өткөрүп берүү үчүн даяр нормалар жыйындысы катары эмес, өнүккөн методологиянын үлгүсү катары маанилүү. Менин оюмча, конкреттүү учурларды талдоо, жагдайларды эске алуу, аналогияларды салыштыруу жана коомдук пайданы баалоо зарыл. Кыргызстан үчүн аталган тажрыйба интеллектуалдык ресурс катары жана укук жөнүндө механикалык эмес, коомдун реалдуу талаптарына байланыштуу ой жүгүртүүнүн жолу катары пайдалуу болушу мүмкүн.
Периферия бул географиялык аймак гана эмес, интеллектуалдык эрктин абалы дагы. Өлкө же аймак өзүнүн маанилерин иштеп чыгууну токтотуп, башкалардын чечимдерин кайталоо менен чектелгенде периферияга айланат.
Өзгөн менен Маргылаңдын тарыхы тескерисинче экенин көрсөтөт. Салыштырмалуу кичинекей шаарда да мектеп, ыкма, тартип жана билим берүү институттары болсо, ал укуктук ойдун маанилүү борборуна айлана алат. Дал ушундай жол менен Фергана өрөөнүнүн шаарлары бир кезде ислам укугунун тарыхына кирген.
Бул тарых өткөндү эске салуусу менен эле маанилүү эмес. Ал Кыргызстандын алдына азыркы заманбап суроону коёт. Биздин өлкө бүгүн даяр моделдерди жөн эле изилдебестен, замандын чакырыктарына өзүнүн интеллектуалдык жоопторун иштеп чыга турган чөйрөнү кайрадан түзө алабы? Бирок орто кылымдагы моделди түз көчүрүү мүмкүн эмес. Биз XII кылымдын институттарын XXI кылымга көчүрбөшүбүз керек, болгону интеллектуалдык автономия жөнүндө сабак гана ала алабыз.
