15 май

Стамбул сүйлөшүүлөрү – дипломатиялык кайра жүктөө жана Евразиянын жаңы архитектурасы

2025-жылдын 15-майында Стамбулда Россия Федерациясынын жана Украинанын делегацияларынын жолугушуусу болот. Бул жөн гана дипломатиялык форматка кайтуу эмес, ошондой эле эл аралык мамилелерди кайра курууда потенциалдуу бурулуш учуру болуп саналат. Бул тууралуу Караван-Инфо менен болгон маегинде тарых илимдеринин кандидаты, эксперт Канатбек Мурзахалилов билдирди.

2022-жылы үзгүлтүккө учураган диалог жаңы глобалдуу реалдуулуктун шартында жанданат. Россия аймактын маанилүү бөлүгүн кармайт. Украина ички жана тышкы ресурсун түгөттү. Батыш өлкөлөрү ички кризистерине жана тышкы саясий чакырыктарга белчесинен батты.

АКШдагы бийликтин алмашуусу, Кытайдын таасиринин күчөшү жана Глобалдуу Түштүктүн позициясы барган сайын өз алдынчалуулукка ыктоосу буга чейинки Россияга басым жасоо моделин натыйжасыз кылат.

Владимир Мединскийдин 2022-жылдагыдай эле кайрадан Россия делегациясынын башчысы болуп дайындалышы көзөмөлдөнгөн жана структураланган сүйлөшүүлөрдүн моделине кайтып келүү символу болуп саналат. Бейтараптуулугун жана аймактык кадыр-баркын сактап калган Түркия кайрадан чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эң маанилүү аянтча болуп калды. Анын ролу Киев менен Москванын ортосундагы ортомчулуктан тышкары, XXI кылымдын глобалдык тартибин түзгөн алдыңкы державалардын кызыкчылыктарын камтыйт. Талкуулоо россия-украин күн тартиби менен гана чектелбеси анык.

Кеп Чыгыш Европадагы НАТОнун келечегин кайра карап чыгуу, Евразиядагы таасир этүү чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүү, ошондой эле эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун жаңы принциптери жөнүндө болуп жатат. Негизги пункт, албетте, АКШнын, Кытайдын жана Россиянын глобалдык ролдорун оңдоо болот. Талкууга Украинанын аймактары гана эмес, эл аралык системада чечим кабыл алуу механизми да коюлган. Расмий түрдө күн тартибинде тынчтык келишими, гуманитардык коридорлор жана талаштуу аймактардын статусу маселелери белгиленген. Бейрасмий түрдө, кыязы, кеңири конструкциялар курулат. Атап айтканда, Украинага эл аралык коопсуздук кепилдиктери менен блоктон тышкаркы статус берүү, аны көп учурда «финляндиялаштыруу» варианты деп аташат. Ошондой эле НАТОнун андан ары жылышы токтотулса, анын ордуна Украинанын чыгышындагы жаңы саясий-аймактык реалдуулукту таануу боюнча компромисске келүүлөрү мүмкүн. Кара деңиз аймагына эл аралык көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар өзүнчө пункт болушу толук ыктымал.

Мындан тышкары, талкуу АКШнын аймактык процесстерге кыйыр таасирин сактап калуу менен, чыр-чатакка түздөн-түз катышуудан акырындык менен чыгып кетишине да тиешелүү болушу мүмкүн. Вашингтон, Москва жана Пекиндин ортосунда стратегиялык тең салмактуулук жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча жашыруун консультацияларды баштоо өзгөчө мааниге ээ болушу ыктымал.

Россия сүйлөшүүлөргө туруктуу аскердик жана дипломатиялык ресурстар менен келет. Бирок ар бир чечим жогорку деңгээлдеги эсептөөнү талап кылат, анткени катанын баасы чечүүчү роль ойноп калышы мүмкүн. Окуялардын өнүгүшүнүн үч ыктымалдуу сценарийи бар:

1. Орточо компромисс Россиянын беш аймакты өзүнө бекитип алышы, Украинадан бейтараптуулук кепилдиги жана Донбасстын статусу менен НАТО маселесин кийинкиге калтыруу. Мындай жыйынтык жарым-жартылай эл аралык мыйзамдуулукту камсыздайт, бирок чыр-чатактын кайра жандануу коркунучун жок кылбайт.

2. Катуу линия Украинаны ишке ашпай калган долбоор катары таануу, саясий жактан багынып бергенге чейин кысым көрсөтүү, чыгыш славян мейкиндигинен батыштын таасирин сүрүп чыгаруу. Бул ыкма көп чыгымды талап кылат, бирок аймакта узак мөөнөттүү үстөмдүк кылуу келечегин ачат.

 3. Сүйлөшүү процессин узартуу Дипломатиялык маневрди сактоо, убактылуу аскердик тыныгуу, Кытай, Иран, БРИКС өлкөлөрү менен альянстарды өнүктүрүү. Бул сценарий чыр-чатактын шарттарын өз пайдасына өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

Борбор Азия тикелей чыр-чатакка аралашпаса да, анын стратегиялык абалы аймакты сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына сезгич кылат. Кыргызстан үчүн жолугушуунун кесепеттерин абстракттуу геосаясат катары эмес, төмөнкү улуттук кызыкчылыктарга таасир этүүчү конкреттүү факторлордун жыйындысы катары баалоо маанилүү.

Аймактагы коопсуздук. Россия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун азайышы коңшу өлкөлөрдүн Афганистандан Түштүк Кавказга чейинки чыр-чатактарга тартылуу коркунучун азайтат.

Экономика жана транспорттук байланыштар. Турукташуу Россия, Казакстан жана Каспий аркылуу өтүүчү каттамдардын ишенимдүүлүгүн бекемдейт. Кыргызстан логистикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышуусун кеңейтүүгө ишенсе болот.

Миграциялык агымдар жана социалдык туруктуулук. Россиядагы кыргызстандыктардын абалы анын ички туруктуулугунан көз каранды. Тынчтык келишими ишке ашып кетсе, ал мигранттардын укуктук абалын жакшыртууга шарт түзөт.

Ийкемдүү тышкы саясат. Кыргызстан Россиянын, Кытайдын, Түркиянын жана АКШнын кызыкчылыктарынын ортосунда көп векторлуу тең салмактуулукту улантууга тийиш. Глобалдык таасирдин ар кандай кайра бөлүштүрүлүшү инвестицияларга жана эл аралык өнөктөштүккө таасир этет. Стамбулдагы сүйлөшүүлөр конфликттин аягы эмес, бирок туруктуу тынчтыкка жакындашуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Бул фиништик түз эмес, дипломатияга мүмкүнчүлүк берген жаңы этаптын башталышы. Тынчтык орношу мүмкүн, бирок ал компромисстерди жана дүйнөнүн көп уюлдуу түзүлүшүн таанууну талап кылат, анда бир дагы тарап абсолюттук артыкчылыкка ээ болбойт. Эгерде келишимге жетишилсе, баары утушка ээ болот - бардык мамлекеттер, рыноктор, эл аралык структуралар жана эң оболу эки өлкөнүн элдери. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, Россия дипломатиялык иш-аракеттердин эркиндигин, АКШ жүзүн жоготпостон чегинүү мүмкүнчүлүгүн, ал эми Украина жаңы стратегиялык чакырыкты алат. Борбор Азия үчүн азыр сейрек кездешүүчү тарыхый терезе ачылууда. Жөн гана байкоо жүргүзбөстөн, тобокелдиктерди өз убагында эсептеп, приоритеттерди белгилеп, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө өз багытыбызды ишке ашыруу маанилүү.

Канатбек Мурзахалилов
Канатбек Мурзахалилов тарых илимдеринин кандидаты, диний маселер боюнча эксперт