15 апрель

Революциянын символу жана иран саясатынын башкы фигурасы

Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин доценти Мырзагулов Милан EurasiaToday басылмасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин өлкөнүн саясий жана диний системасындагы ролу жана бул инсандын Кыргызстанда канчалык деңгээлде таанымал экендиги тууралуу ой жүгүрткөн. 

Иран Ислам Республикасы – саясий түзүлүшү боюнча азыркы дүйнөдө түз аналогу жок мамлекет. 

1979-жылы Пехлеви монархиясын кулаткан революциядан кийин өлкө башкаруунун принципиалдуу башка моделин тандап алган: диний бийлик мамлекеттик бийлик менен жөн гана жанаша жашабастан, иш жүзүндө аны жетектеген теократиялык республика. 

Бул системанын архитектору аятолла Рухолла Хомейни болуп, ал "вилаят-е факих" – ислам укук таануучусунун башкаруусу концепциясын киргизген.

Анын айтымында, мамлекеттеги эң жогорку бийлик шайланган саясатчы эмес, ислам укугунун негизинде коомду башкаруу үчүн зарыл болгон билимге жана адеп-ахлактык сапатка ээ диний аалым болуп саналат. 

Хомейни 1989-жылы каза болгондон кийин бул кызматты Али Хаменеи ээлеген жана ал трагедиялуу өлүмүнө чейин отуз жылдан ашык убакыт бою отурган. 

Ушул убакыттын ичинде ал иран саясатынын система түзүүчү фигурасына айланды, анын таасири мамлекеттик түзүлүштүн бардык деңгээлине сиңген. 

Саясий өлчөм: президенттен да жогору

Төрт жылда бир шайланган президенттен айырмаланып, Ирандын Жогорку лидери бул кызматты өмүр бою ээлейт жана катардагы жарандарга түздөн-түз отчет бербейт. 

Ал сот системасынын жетекчилерин, куралдуу күчтөрдүн командачыларын, мамлекеттик маалымат каражаттарынын жана бир катар стратегиялык ведомстволордун башчыларын дайындайт.

Ирандын президенти эл аралык аренада канчалык таасирдүү көрүнбөсүн, иш жүзүндө Хаменеи белгилеген алкактын ичинде саясат жүргүзөт. 

Анын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен болгон мамилеси өзгөчө көңүл бурууга татыктуу — бул Иран экономикасынын олуттуу бөлүгүн көзөмөлдөгөн, чалгындоо ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жана Жакынкы Чыгыштагы союздаш топторду колдогон элиталык аскердик-саясий түзүм. 

Корпус өкмөттү айланып өтүп, түздөн-түз Жогорку лидерге баш ийет, бул аны Хаменеинин жеке бийлик куралына айландырат. 

Сырткы саясатта стратегиялык багыттарды дал ушул корпус аныктайт: АКШ менен болгон мамиленин мүнөзүн, өзөктүк программа боюнча позицияны, Россия жана Кытай менен өз ара аракеттенүү даражасын, Ливандагы, Йемендеги, Ирактагы жана Сириядагы кыймылдарды колдоону. 

Президент жана тышкы иштер министри сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат – бирок акыркы сөз ар дайым Хаменеиде болот.

Диний өлчөм: миллиондогон адамдардын руханий насаатчысы 

Саясий функциясы менен катар Хаменеи иран коомунун бир кыйла бөлүгү үчүн жогорку диний авторитеттин ролун аткарат. 

Ал фетваларды — актуалдуу маселелер боюнча диний корутундуларды чыгарат, шарияттын нормаларын азыркы жашоого ылайыкташтырып чечмелейт, маданий жана социалдык жүрүм-турумдун жол берилген чектерин аныктайт. 

Ошондуктан анын бийлиги ыйык мүнөзгө ээ: ага макул эместик саясий оппозиция катары гана эмес, а диний милдеттен четтөө катары да кабыл алынат. 

Бул кош бирдик — саясий жана диний мыйзамдуулук – Иран Ислам Республикасындагы бийлик системасын өзгөчө туруктуу кылат.

Ар кандай оппозиция өтө тар чөйрөдө иш алып барууга аргасыз: системанын өзөгүн эмес, аконкреттүү чечимдерди сындайт. 

Стратегиялык өлчөм: ирандык иденттүүлүктүн архитектору 

Ондогон жылдар бою Хаменеи Ислам Республикасынын цивилизациялык өзүн-өзү камсыз кылуу идеясын ырааттуу түрдө алдыга жылдырып келген. 

Анын саясий философиясы батыш гегемониясын четке кагууга, өз ресурстарына таянууга жана Батыш Азияда күчтүн альтернативдүү уюлун түзүүгө негизделген. 

Батыш басым көрсөтүү куралы катары колдонгон санкцияларды Хаменеи дайыма саясаттын ийгиликсиздиги эмес, ирандык туруктуулуктун далили катары көрсөтөт. 

Өлкө ичинде ал реформатордук жана консервативдик күчтөрдүн ортосунда тең салмактуулукту сактайт: жалпысынан консервативдик багытты колдоп, фракциялардын бирине да бийликти толугу менен монополиялоого жол бербейт. 

Бул тең салмактуулук – атайын жасалган, анткени дал ушул нерсе Жогорку лидердин арбитр катары алмаштырылгыстыгын камсыздайт.

Хаменеини Кыргызстандын көзү менен кароо 

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү үчүн Хаменеинин образы биринчи кезекте эл аралык чыңалуу менен байланыштуу: өзөктүк сүйлөшүүлөр, батыш санкциялары, Израил менен тирешүү – анын ысымы жергиликтүү медиа мейкиндигинде көбүнчө ушул контекстте пайда болот. 

Кыргызстанда аны диний авторитет катары кабыл алуу өтө төмөн: кыргыз мусулмандарынын басымдуу бөлүгү сүннөт багытын тутушат, ал эми Хаменеи шиит диниятчыларынын эң жогорку өкүлдөрүнүн бири. 

Бул ажырым анын аймактагы диний таасирин бир топ чектейт. 

Ошол эле учурда республиканын академиялык жана эксперттик чөйрөсү ага мамлекеттик жана диний бийлик органикалык түрдө бириктирилген стандарттуу эмес саясий системанын мисалы катары туруктуу кызыгуу көрсөтөт.

Иран менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык жана маданий кызматташтыктын өсүшүнүн фонунда Жогорку лидердин ролун түшүнүү барган сайын практикалык мааниге ээ болууда, анткени аймактагы ирандык вектор кандай болорун акыр аягында ал аныктайт. 

Демек, Али Хаменеи жөн гана саясий жетекчи эмес. Ал бир эле учурда институтту, символды жана системаны билдирген. Бул система жашап турганда, анын инсандыгы азыркы дүйнөнүн эң татаал мамлекеттеринин бирин түшүнүүнүн ачкычы болуп кала берет.

Милан Мырзагулов 
Милан Мырзагулов  Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин доценти