Бишкектен Фукуокко туруктуу каттамдар ачылат
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 сентябрь

Бишкектен Фукуокко туруктуу каттамдар ачылат

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек – Фукуок – Бишкек эл аралык маршруту боюнча туруктуу каттамдарды аткара баштайт.

Каттамдар жумасына 3 жолу аткарылып, Кыргызстан менен Вьетнамдын популярдуу туристтик аралы болгон Фукуоктун ортосунда түз аба байланышын камсыздайт.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөр үчүн маанилүү маалымат: Фукуоктон Бишкекке кайтып келе жатканда, белгиленген жүк ташуу талаптарына жана колдонуудагы эрежелерге ылайык, салмагы 5 кг чейин мөмө-жемиш салынган бир себетти акысыз алып өтүүгө уруксат берилет.

Буга чейин Бишкек – Фукуок – Бишкек маршруту авиакомпаниянын каттамдар тармагында негизинен чартердик ташуулар катары гана аткарылып келген. 2026-жылдын октябрынан тартып «Аэро Номад Эйрлайнс» бул багытты туруктуу негизде тейлей баштайт.