Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт
26 сентябрь

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

2026-жылдын 29-сентябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Суу берүү турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо мекемелеринде, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде токтотулат.

Суу берүү токтотулуучу аймак:

Панфилов көчөсү – Чыңгыз Айтматов проспектиси – Фрунзе көчөсү – темир жол линиясы.

Суу берүү  «Тоголок Молдо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, шаар тургундарын алдын ала жетиштүү көлөмдө ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Сиздер «Менин шаарым» («Мой город») тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди өз убагында алып турсаңыздар болот.