Ошто жыл аягына чейин балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет
Ош мэриясы
25 сентябрь

Ошто жыл аягына чейин балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

Бүгүн, 25-сентябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “ОбидФайз” ЖЧКсынын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 393,7 млн сомду түзүп, каражат ишкананын өздүк эсебинен каржыланган. Учурда заводдун курулуш иштери аяктап, ишкана пайдаланууга берүүгө даяр.

Ишкананын суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын чыгарууга даяр. Завод ишке кирген соң 60 жаңы, сезон учурунда 150дөн ашуун жумуш орду түзүлөт.

Калаа башчысы ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат алды.

Белгилей кетсек, Ош шаарында акыркы жылдары өндүрүш багытындагы жаңы долбоорлор ишке ашырылып, жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө көңүл бурулууда. Ал эми “ОбидФайз” заводун 2026-жылдын 30-декабрында пайдаланууга берүү пландалууда.