Ош шаарында 100 орундуу бала бакча ачылды
Бүгүн, 25-сентябрь Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Тээке айылында 100 орундуу «Бал дүйнө» бала бакчасы пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, ата-энелер жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Тээке айылында мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес. Айыл тургундары балдарын бакчага берүү үчүн шаарга алып барууга аргасыз болушса, айрым балдар мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, бакчага барган эмес.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн шаар башчы, айыл тургундарын кубанычтуу күн менен куттуктады. Ошондой эле мэр бала бакчалардын сырткы фасадына маани берилип, алар түстүү боектор менен кооздолушу керектигин айтты. Мэрдин айтымында, мындай аракет балдарга жагымдуу жана визуалдык жактан кызыктуу чөйрө түзөт.
Мындан тышкары Жанарбек Акаев калаада балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал өткөн жумадагы Жалал-Абад облусунда катталган мектеп рэкетчилиги боюнча окуяны эске салып, мындай көрүнүштөрдүн Ош шаарында алдын алуу керектигин айтты.
“Балдардын коопсуздугу — башкы милдет. Мектеп рэкетчилигине жол бербөө үчүн шаарда алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек”, -деди мэр.
