Кыргыз-тажик чек арасын инженердик жактан жабдуу иштери аяктоо алдында турат
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 сентябрь

Кыргыз-тажик чек арасын инженердик жактан жабдуу иштери аяктоо алдында турат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстан менен Тажикстандын практикалык кызматташтыгынын мисалдарынын бири инженердик иштерди жүргүзүүдө тажик тараптын көрсөткөн жардамы болду.

Тоолуу рельефтин татаалдыгына байланыштуу айрым материалдарды Кыргызстандын аймагынан иш жүрүп жаткан жерге жеткирүү кыйынчылык жараткан.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын аймагындагы инженердик тосмого арналган айрым мамылар иш жүрүп жаткан тилкеге Тажикстандын аймагы аркылуу жеткирилген.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, бул алыскы жана жетүүгө кыйын аймакта инженердик иштерди өз убагында улантууга мүмкүндүк берди.

Чек арадагы практикалык кызматташтык маселелери Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрүнүн аймактык жолугушуусунда да талкууланган.