Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан сегиз айда 26 млн адам өттү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
25 сентябрь

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан сегиз айда 26 млн адам өттү

2026-жылдын сегиз айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу эки багытта 26 миллиондон ашык адам жана 2,4 миллиондон ашуун транспорт каражаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Эң көп каттам кыргыз-казак чек ара тилкесинде катталып, андан 8 млн 75 миң 758 адам жана 1 млн 101 миң 609 транспорт каражаты өткөн.

Ал эми кыргыз-тажик чек ара тилкеси аркылуу ушул эле мезгилде 389 миң 442 адам жана 60 миң 797 транспорт каражаты өткөрүлгөн.

Бул маалыматтар Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрүнүн аймактык жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда чек ара көзөмөлүн уюштуруу, өткөрмө пункттарынын иши, чек аранын татаал тилкелерин кайтаруу, мыйзам бузуулар жана трансчек аралык кылмыштуулук тууралуу маалымат алмашуу маселелери талкууланууда.

Мындан тышкары, мыйзамсыз миграцияга жана контрабандага каршы күрөшүү, чек арадагы окуялардын алдын алуу, ошондой эле көйгөйлүү болушу мүмкүн болгон багыттарда биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.