Байге фонду 1 млн сом. Ошто республикалык айтыш өтөт
Маданият министрлиги
25 сентябрь

Байге фонду 1 млн сом. Ошто республикалык айтыш өтөт

Ош шаарынын күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Айтыштын максаты — Ош шаарынын тарыхын жана маданий мурасын даңазалоо, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүү жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо.

Тандоо туру 2026-жылдын 1-октябрында саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Түштүк аймагындагы төкмө акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда саат 10:00дө Ош шаарында уюштурулат.

Тандоо турларынын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат.

Финалдык баскыч 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.

Айтыш упайлык негизде өтүп, акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталат. Баалоодо төкмөлүк чеберчилик, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үн, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты эске алынат.

Айтыштын жалпы байге фонду — 1 000 000 сом.

Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.