ФИФАнын МА программасынын алкагында футбол калыстары үчүн окуу башталды
25 сентябрь

ФИФАнын МА программасынын алкагында футбол калыстары үчүн окуу башталды

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде ФИФАнын мүчө ассоциациялар программасынын алкагында футбол калыстары жана инструкторлору үчүн окуу курсу башталды. Окууга КФБга караштуу жана Жогорку Лиганын беттештерин тейлеген жалпы 35 калыс жана инспектор катышууда. Окутууну Өзбекстандан келген ФИФА адистери - Абдуллаев Фархад Алишерович жана Тарасова Юлия Александровна өткөрүүдө.

Окутуу калыстардын жана инспекторлордун билимин жаңылоого жана системалаштырууга, калыстардын ишин баалоонун сапатын жогорулатууга, ошондой эле алардын мындан аркы кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.

Программанын алкагында катышуучулар ФИФАнын Оюндун эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, айып аянтчасындагы оюн эпизоддорун, топту кол менен ойноо учурларын, офсайдды, таймашуу учурларын жана аларды баалоо критерийлерин, VAR протоколун жана анын иштөө тартибин, беттештерди баалоо жана талдоо методикасын кеңири карап чыгышат.

Ошондой эле катышуучулар оюн эпизоддорун талдоо боюнча талкууларга жана видео-тесттерге катышат.

Окутуу программасы ФИФАнын талаптарына ылайык уюштурулуп, теориялык сабактарды, видеоанализдерди жана катышуучулардын физикалык даярдыгын баалоону камтыйт. Курстун соңунда катышуучулар фитнес-тесттен өтүшөт.

Окутуу 27-сентябрга чейин уланат.