Казакстанда Каспий деңизинде каза болгон аскер кызматкерлеринин саны 14кө жетти
Казакстандын Маңгыстау облусунда Каспий деңизинде өткөн аскердик машыгуу учурунда болгон кырсыктан кийин издөө иштери аяктады.
25-сентябрда саат 09:15тер чамасында куткаруучулар буга чейин дайынсыз болуп жаткан сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбекулынын сөөгүн табышкан. Ошентип, каза болгондордун саны 14 адамга жетти.
Кырсык 24-сентябрда аскердик машыгуу учурунда болгон. Аба ырайы кескин начарлап, катуу шамалдын айынан 17 аскер кызматкери ачык деңизге агып кеткен. Алардын үчөө куткарылган.
Буга чейин 12 аскер кызматкери каза болгону кабарланып, дагы эки адамды издөө иштери 25-сентябрдын таңына чейин уланган.
Казакстандын Коргоо министрлиги каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.
Кырсык боюнча кызматтык милдеттерди шалаакы аткарып, оор кесепеттерге алып келүү жана кеме жүргүзүү эрежелерин бузуу беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.
Тергөөчүлөр кырсык болгон жерди карап чыгып, 30дан ашык аскер кызматкерин суракка алган. Ошондой эле тиешелүү документтер жана видеоматериалдар алынып, 12 экспертиза дайындалган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өздүк курамдын коопсуздугун талаптагыдай камсыздабаган жана куткаруу иштерин туура уюштурбаган деп шектелген кызмат адамдары аныкталды.
25-сентябрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
