Эмдөөдөн өтпөгөн баланы мектепке киргизбей коюуга болбойт – Бахтияр Абсаматов
сүрөт: depositphotos.com
25 сентябрь

Эмдөөдөн өтпөгөн баланы мектепке киргизбей коюуга болбойт – Бахтияр Абсаматов

Эмдөөдөн өтпөгөнү баланын мектепке баруусуна тыюу салууга негиз болбойт. Бул тууралуу №12 ҮМБнын уюштуруу-методикалык иштери боюнча директордун орун басары Бахтияр Абсаматов «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамда эмдөөдөн өтпөгөн баланы мектепке киргизбөө тууралуу талап жок.

Ошол эле учурда дарыгер билим берүү мекемелери балдардын эмдөөдөн өтүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Анткени жамааттарда жугуштуу оорулар тез тарашы мүмкүн.

Ал мисал катары кызамык оорусун келтирип, бир оорулуу бала көп сандагы окуучуларга инфекция жуктуруп, анын кесепетинен айрым учурда классты убактылуу жабууга туура келиши мүмкүн экенин айтты.

Бала мектепке кабыл алынганда ата-энеси медициналык документтерди, анын ичинде эмдөө тууралуу маалыматтарды тапшырат. Эгер зарыл болгон эмдөөлөр алынбаганы аныкталса, үй-бүлөгө поликлиникага кайрылып, эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Абсаматовдун байкоосуна караганда, балдардын эмдөө менен камтылышы жогорку класстарда көбөйүшү мүмкүн. Буга билим берүү мекемесине кабыл алууда эмдөө тууралуу документтердин талап кылынышы себеп болот.