Кыргызстанда алгачкы ирет органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди
25 сентябрь

Кыргызстанда алгачкы ирет органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен бекитилген Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди. Анын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык тармакты өнүктүрүүгө арналган конференция өттү. Иш-чаранын максаты — органикалык айыл чарбанын жетишкендиктерин талкуулоо, анын потенциалын көрсөтүү жана 2026–2027-жылдарга өнүктүрүү багыттарын аныктоо болду.

Конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты. МинКаб Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков органикалык айыл чарба өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, Кыргызстандын органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экенин айтты.

Айта кетсек, 2026-жылдын август айына карата республикада 37 органикалык аймак, 11 кооператив жана PGS сертификатына ээ болгон 208 пилоттук органикалык чарба иш алып барууда. Органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы аянт 101 миң гектардан ашты. Учурда мыйзамдык базаны өркүндөтүү, сертификация системасын өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында ата мекендик органикалык продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, заманбап ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо каражаттары тааныштырылды. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголиянын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Конференциянын жыйынтыгында органикалык секторду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.