Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдуулар берилди
25 сентябрь

Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдуулар берилди

2026-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министрдин орун басары Нурбек Букуевдин Sharjah Charity International («Шарджа Чарити Интернешнл») жана «Ихсан-Хайрия» кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын жыйынтыктары жана Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап медициналык жабдууларды өткөрүп берүү маселеси талкууланды.

Бөлүмдү заманбап офтальмологиялык жабдуулар менен камсыз кылуу демилгеси 2024-жылдын 25-сентябрында Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары Шейх Султан бин Ахмад аль-Касиминин Улуттук госпиталга болгон иш сапарынын жүрүшүндө көтөрүлгөн. Долбоор ишке ашырылып, 2026-жылдын башында бөлүмгө жалпы наркы 68 млн 144 миң 792 сомду түзгөн жабдуулар жеткирилип, орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Министрдин орун басары Нурбек Букуев белгилегендей, бул демилге медициналык жардамды чыңдоого жана жарандардын ден соолугун жакшыртууга түздөн-түз багытталган кызматташтыктын маанилүү үлгүсү болуп саналат.

«Бул долбоорлор Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого багытталган маанилүү жана баалуу колдоо болуп саналат. “Шарджа Чарити Интернешнл” жана “Ихсан-Хайрия” фонддоруна колдоосу жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», — деди министрдин орун басары.

Жаңы жабдуулар №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн ооруларды диагностикалоо жана дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Берилген жабдуулардын арасында контактсыз тонометр, периметр, Meridian MKQ SLT лазердик системасы, оптикалык когеренттик томограф, операциялык оптикалык микроскоп, фундус-камера, ультраүндүк диагностикалык аппарат, оптикалык биометр, ошондой эле катарактаны факоэмульсификациялоо жана витреоретиналдык хирургия үчүн аппарат бар.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин орун басары Улук Кулукеевдин айтымында, заманбап жабдуулар диагностикалоонун жана хирургиялык кийлигишүүлөрдүн тактыгын жогорулатууга, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана бейтаптарды башка медициналык борборлорго жөнөтүү зарылдыгын азайтууга шарт түзөт.

Улуттук госпиталдын маалыматына ылайык, бөлүмдө учурда жылына орточо 1 500–1 800 операция жасалат. Заманбап жабдуулардын ишке киргизилиши менен бул көрсөткүчтү жылына 3 000–3 500 операцияга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Кызматташтыктын алкагында медициналык инфраструктураны колдоо багытында да иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Аламүдүн районунун Октябрь айылында жалпы наркы 23 млн 636 миң 841 сомду түзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди.

«Ихсан-Хайрия» фондунун өкүлдөрү белгилегендей, фонд Кыргызстанда көп жылдан бери саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык инфраструктураны жаңылоого жана калкка сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган социалдык жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашырып келет.