Сузак жана Чаткал райондорунда ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын катышуусундагы зордук-зомбулук фактыларынын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, аталган фактылар катталган мектептерде ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууларга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, аппараттын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Салиева, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери катышты.
Жолугушууларда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү жана зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.
Ата-энелерге балдарга туура тарбия берүү, алар менен тыгыз байланышта болуу, бош убактысын туура уюштуруу жана баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруу зарылдыгы айтылды.
Ошондой эле ата-энелер, мектеп администрациясы, мугалимдер, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар биргелешип иш алып баруусу, балдардын коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү экени белгиленди.
