Чо-Алайда бийик тоолуу шартта жүгөрүнүн пилоттук сыноосу ийгиликтүү жүргүзүлдү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
25 сентябрь

Чо-Алайда бийик тоолуу шартта жүгөрүнүн пилоттук сыноосу ийгиликтүү жүргүзүлдү

Чоң-Алай районунда мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо жана тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы түрлөрүн жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу максатында алгачкы жолу пилоттук негизде 3,5 гектар аянтка Германияда селекцияланган KWS КАШМИР (ФАО 390) гибриддик жүгөрү үрөнү эгилди.
 
Эксперименттин негизги максаты – райондун бийик тоолуу шартында жогорку түшүм бере ала турган тоют өсүмдүктөрүн аныктап, натыйжалуу агротехнологияларды фермерлерге жайылтуу.
 
Жүгөрү мал чарбачылыгы үчүн баалуу тоют өсүмдүгү болуп, андан жашыл тоют жана сапаттуу чыктуу тоют – силос даярдалат. Ушуга байланыштуу райондо тоют базасын бекемдөө багытында мындай тажрыйбалык иштердин мааниси чоң.
 
Жүгөрү үч бийиктик зонасында сыноодон өткөрүлдү:
Жогорку зона – 3000 м: 1 гектардан орточо 30 тонна силос;
Ортоңку зона – 2600–2700 м: 1 гектардан 50–75 тоннага чейин;
Төмөнкү зона – 2300 м: 1 гектардан 50 тоннага чейин чыктуу тоют жыйналды.
 
Өсүмдүктүн өсүү динамикасы, түшүмдүүлүгү жана тоюттук сапаты жума сайын агрономдор тарабынан көзөмөлдөнүп, мониторинг жүргүзүлүп турду.
 
Бул иш-чара райондо алгачкы жолу жүргүзүлүп жаткандыктан, жүгөрүнү жыйноо жана силос даярдоо үчүн атайын техникалар коңшу Кара-Суу районунан тартылды.
 
Алынган жыйынтыктар Чоң-Алайдын ар түрдүү бийиктик зоналарында жүгөрү өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалоого негиз түзүп, келечекте фермерлерге ылайыктуу сортторду жана агротехнологияларды сунуштоого өбөлгө болот.
 
Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы дыйкан-фермерлерди айыл чарбасына жаңы технологияларды, инновациялык ыкмаларды киргизүүгө жана тажрыйбалык иштерге активдүү катышууга чакырат.
 
Бийик тоолуу Чоң-Алайда да тоют базасын жаңы технологиялар менен чыңдоого мүмкүнчүлүк бар!