УКМК: Квалификациялык экзамендерден өтпөгөн адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды
Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып, 40 миң сомдон 150 миң сомго чейинки акчалай сый акы үчүн кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, «Айдоочулук курамдын реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына архивдик документтерге туура келбеген маалыматтарды санариптештирүү жолу менен билип туруп жалган маалыматтарды киргизип келишкени аныкталды. Кийинчерээк киргизилген маалыматтар «Түндүк» маалыматтык системасында чагылдырылып, анын негизинде кызыкдар жарандар иш жүзүндө мурда ээ болбогон документтерин жоготкондугу тууралуу арыз жазуу аркылуу айдоочулук күбөлүктөрдү (пластикалык карталарды) алышкан.
Мындан тышкары, теориялык экзамендерди бир нече жолу тапшырууга аракет кылып, бирок ийгиликсиз болгон, ошондой эле автомектепти аяктагандыгы тууралуу аттестаты жок адамдарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүү фактылары аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен бөлүмүнүн кызматкери А.у.Н. жана ортомчу катары иш алып барган А.С.С. кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.
