«Смарт Бажы» декларациялоо модулу 26-сентябрда ишке кирет
«Манас» бажысында бизнес-коомчулуктун, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын (ТЭИ), бажы өкүлдөрүнүн жана бажы операциялары боюнча адистердин катышуусунда Консультативдик кеңештин жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында «Смарт Бажы» маалыматтык тутумунун декларациялоо модулун ишке киргизүү маселелеси негизгилерден болду. ТЭИ катышуучуларына модуль 2026-жылдын 26-сентябрынан тартып ишке киргизиле турганы маалымдалды. Тутумду жөнгө салуу жана тестирлөө мезгилинде анын ишинде айрым кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Жолугушуунун жүрүшүндө бажы администрациясына байланыштуу актуалдуу маселелер жана ТЭИ катышуучуларында пайда болгон практикалык маселелер да талкууланды.
Жыйын «суроо-жооп» форматында өтүп, бизнес өкүлдөрү үчүн аларды кызыктырган маселелерди түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Катышуучулар Консультативдик кеңештин алкагында үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Санариптик чечимдерди киргизүү жана бизнес менен туруктуу диалог жүргүзүү бажылык жол-жоболоштуруунун мөөнөттөрүн кыскартууга, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.
