Кыргызстанда фермерлерди толук онлайт-кредиттөөгө өткөрүү пландалууда
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
25 сентябрь

Кыргызстанда фермерлерди толук онлайт-кредиттөөгө өткөрүү пландалууда

Фермер насыя алуу үчүн банкка барып, документ чогултуп, кезек күтүүгө мажбур болбой турган жаңы санариптик форматка өтүү каралууда. Бул тууралуу чСуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

«iDyikan» платформасы аркылуу фермерлерди толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү боюнча жаңы этап башталып, каржылоого арыз берүүдөн тартып анын жыйынтыгын алууга чейинки процессти санариптештирүү маселеси талкууланды.

Бул багыттагы иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда финансылык уюмдардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында каралды.

Бүгүнкү күндө «iDyikan» платформасында фермерлер катталып, жеңилдетилген кредит алууга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 2026-жылдын 15-апрелинен тартып иштеп жаткан «Фермерлерди жеңилдетилген кредиттөө» модулу аркылуу «АБанкка» 762, «Элдик Банкка» 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн.

Эми негизги максат — «онлайн-кезектен» толук кандуу «онлайн-кредиттөөгө» өтүү. Бул үчүн фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, мамлекеттик маалыматтык системалардан керектүү маалыматтарды автоматтык алуу механизми киргизилет. Натыйжада мамлекетте бар маалыматтарды фермерден кайрадан талап кылуунун зарылдыгы болбойт.

Мындан тышкары, «iDyikan» аркылуу жеңилдетилген кредиттер менен катар коммерциялык агрокредиттерди, инвестициялык каржылоону жана айыл чарба техникасынын лизингин алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү каралууда.

Максат — фермер үчүн каржылоонун бардык негизги инструменттерин бир санариптик терезеге топтоо.