Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылды
президенттин администрациясы
26 сентябрь

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусу ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусун ачты.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Улуттук маданият жана искусство университетинин кадырлуу эмгек жамааты – кымбаттуу агай-эжейлер!

Чыгармачыл интеллигенциянын ардактуу өкүлдөрү жана урматтуу меймандар!

Маданият – бул улуттун жүзү.

Өнөр – элдин тарыхы менен руханий дүйнөсүн муундан муунга жеткирүүчү улуу күч.

Ошол маданиятты сактап, ошол өнөрдү аздек тутуп, андан ары өнүктүрүүгө таланттуу жаштарды тарбиялоо – өзгөчө жоопкерчиликтүү иш.

Бүгүн биз мына ушундай тарыхый вазыйпаны татыктуу аткарып келе жаткан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин

жаңы окуу имаратын ачуу салтанатына чогулуп олтурабыз.

Жаңы окуу корпусунун салынышы – бул улуттук маданиятыбызды өркүндөтүүгө, өнөрлүү жаштардын келечегине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү деген сөз.

Эң алды баарыңыздарды бүгүнкү маанилүү окуя менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин байсалдуу жолду басып өткөн жарым кылымдан ашуун тарыхы бар.

1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары түптөлгөн бул окуу жайга

1974-жылы элибиздин сыймыктуу кызы, улуттук балет өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылганы белгилүү.

Ал эми 1993-жылы институттун курамынан Калый Молдобасанов атындагы консерватория өз алдынча окуу жай болуп бөлүнүп чыгышы – өлкөбүздөгү музыкалык билим берүүнүн өнүгүшүндөгү маанилүү этаптарынан болгон.

Өзүңүздөргө жакшы маалым, 2013-жылы окуу жай Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп кайра түзүлгөн.

Өткөн жылы биздин алдыбызга мына ушундай алтымыш жылдык тарыхы бар, миңдеген таланттарды эл кызматына таптап чыгарган университеттин имарат жетишсиздигин чечүү маселеси коюлган.

Анын үстүнө окуу жайдын жатакана тибиндеги окуу корпусу бүгүнкү замандын талаптарына да туура келбей калган экен.

Мындан улам, былтыр искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынып, курулуш иштери башталган.

Бүгүн мынакей, беш кабаттуу, бардык шарттары эске алынган жаркыраган жаңы имарат таланттуу жаштарыбызга эшигин ачып олтурат.

Кудай буюрса, жалпы аянты 8 615 чарчы метрлик жаңы корпус студенттердин билим алуусу үчүн гана эмес, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө да кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Бул, албетте, университеттин келечегине салынган ири инвестиция болуп саналат.

Ооба, окуу жайда түзүлгөн шарттар – билим берүү процессинин материалдык базасын бекемдөөгө багытталган маанилүү ресурстар.

Бирок университеттин эң чоң байлыгы имараттар эле эмес.

Анын эң чоң байлыгы – адам ресурсу экенин баса белгилеп айта кетейин.

Тактап айтканда, жаштардын шык-жөндөмүн ачып, өнөрдүн ар кыл сырларын үйрөтүп, талантын ташкындаткан тажрыйбалуу окутуучулар.

Алар университеттин интеллектуалдык жана чыгармачылык чоң потенциалы экени талашсыз.

Урматтуу искусство чеберлери,

кымбаттуу устаттар!

Бир устаттын таалим-тарбиясы, берген сабагы кайсы бир студенттин тагдырын өзгөртүшү толук мүмкүн.

Мыкты тапталып, таланты ачылган ошол студент баралына келгенде бүтүндөй Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытат.

Биздин тарыхыбызда буга далилдер абдан көп.

Алыс кетпейли, ушул окуу жайды бүткөндөрдүн арасында кыргыз маданиятынын жана искусствосунун тарыхында өзгөчө из калтырган инсандар бар.

Биз СССРдин эл артисттери Калый Молдобасанов, Самара Токтакунова, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу залкарлардын ысымдарын сыймыктануу менен атайбыз.

Ошол сымал бүгүнкү студенттердин арасында да келечекте кыргыз маданиятынын жаңы толкундары, жаңы жылдыздары чыгарына бекем ишенем.

Мына ошондуктан, Сиздердин талыкпаган мээнетиңиздер өтө маанилүү.

Урматтуу жаштар!

Кыргызстан – маданий мураска бай өлкө.

Көлөмү жана көркөмдүгү жагынан дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосу, төкмөлүк өнөр,

манасчылык, комузчулук, салттуу музыка, улуттук театр, бий өнөрү – булардын баарын жаңыча өнүктүрүү жалпы милдетибиз.

Жогоруда аттары аталган жана башка кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн байсалдуу өмүр жолу – силер үчүн чоң мектеп.

Ал эми бүгүнкү агай-эжейлериңердин берген билими менен айткан акыл-насааты чоң байлык.

Бүгүн аудиторияда алган билимиңерди, сахнада топтогон тажрыйбаңарды, чыгармачылык изденүүңөрдү эртең өлкөнүн маданий мурастарын өнүктүрүүгө арнайсыңар.

Ошол эле маалда бүгүнкү күндө бир гана багыттын мыктысы болуу дагы жетишсиз.

Силер өз элиңердин тарыхын, тилин, маданиятын терең билүү менен улуттук өнөрдү заманбап технологиялар жана дүйнөлүк чыгармачылык менен айкалыштырышыңар абзел.

Анткени бүгүнкү глобалдашуу заманында улуттук маданиятты сактоо менен аны дүйнөгө таанытуунун мааниси барган сайын артып барат.

Университеттин урматтуу эмгек жамааты!

Сиздердин окуу жайдын студенттери эл аралык иш-чараларда: “Жаңы ысымдар” фестивалында, “Дельфи оюндарында”, эл аралык кино фестивалдарда байгелүү орундарды багынтып келе жатканы бизди абдан кубандырат.

Ошондой эле акыркы үч жылда

университетте илимий тармакка да көңүл бурулуп, аспирантура, магистратура бөлүмдөрүнүн ачылышы менен келечекте кыргыз маданияты менен искусствосун терең изилдөөгө, илимий кадрларды даярдоого

кеңири жол чабылганын кошумчалай кетейин.

Ошол эле маалда бүгүн сиздердин алдыӊыздарда дагы бир чоң милдет турат.

Университетке “улуттук” макамы берилгенден кийин билим берүүнүн сапатын дагы жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү, эл аралык байланыштарды кеңейтүү,

улуттук маданий мурастарды терең талдоо жана аларды дүйнөлүк коомчулукка жайылтуу боюнча иштерди жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл.

Илим менен өнөрдү айкалыштыруу аркылуу улуттук искусствобуз жаңы доорго ишенимдүү кадам таштоосу кажет.

Мен университеттин жетекчилигине, профессордук-окутуучулук курамына, жалпы кызматкерлерине жана студенттерине ушул багытта ийгиликтерди каалайм.

Урматтуу мекендештер!

Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын алып жүргөн бул окуу жай улуу мурастарды өркүндөтүү салтын татыктуу улантып,

кыргыз маданиятынын чыныгы борборлорунун бири катары эл аралык деңгээлде да татыктуу орун ээлешине тилектешмин.

Бул жерден билим алган жаштардын арасынан келечекте өлкөбүздүн атын дүйнөгө даңктаган чыныгы таланттар чыксын.

Жаңы имараттын ар бир аудиториясында жаңы идеялар, жаңы чыгармалар жаралсын.

Ар бир студенттин жолу шыдыр, ар бир устаттын эмгеги үзүрлүү болсун!

Университеттин жаңы имараты куттуу болсун!”.