Архив кызматына 100 жыл. Ош шаарында салтанаттуу иш-чара өттү
Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында күн мурун, 25-сентябрда Архив кызматынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлаштф.
Иш-чара Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Иш-чара Архив кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик менен башталып, Ош региондук башкармалыгынын башчысы Бактыбек Алайчиев тарабынан ачылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө архив тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер сыйланды.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 3 Ардак грамота жана 100 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
Иш-чара салтанаттуу концерттик программа менен коштолду.
