Кыргыз Республикасы менен Гаити Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орноду
2026-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаити Республикасынын Тышкы иштер министри Райна Форбендин жолугушуусу өттү.
Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду.
Ж. Кулубаев Кыргыз Республикасы Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү, анын ичинде Гаити Республикасы менен байланыштарды өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө чоң маани берерин белгиледи.
Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер кызматташтыкты кеңейтүүгө жана достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
