Бишкекте Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстойдун адабий диалогуна арналган көргөзмө ачылат
Бишкектеги Эркиндик бульварында 26-сентябрда ачык асман алдында «Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой: гуманист жазуучулардын диалогу» аттуу стенддик көргөзмө ачылат.
Көргөзмө бири-биринен туура 100 жыл айырма менен төрөлгөн эки жазуучунун чыгармачылык жана философиялык диалогуна арналган. Лев Толстой 1828-жылы Ясная Полянада, ал эми Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Шекер айылында төрөлгөн.
Көргөзмөнүн авторлору Толстой менен Айтматовдун адабий мурасын эки жазуучунун тең чыгармаларында өзгөчө орун алган темалар аркылуу кароону сунушташат. Алардын катарында адам жана анын адеп-ахлактык тандоосу, жакшылык менен жамандыктын карым-катышы, жаратылыш менен болгон мамиле, сүйүү, абийир жана чындыкты издөө темалары бар.
Экспозициянын концепциясы ар башка доордо жашаган эки жазуучунун элестетилген жолугушуусунун негизинде түзүлгөн. Көрүүчүлөргө Толстой менен Айтматов жолукса, алар эмне тууралуу сүйлөшмөк, кайсы маселелерде пикирлеш болмок жана кайсы суроолор боюнча талашып-тартышмак деген суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү сунушталат.
Көргөзмө Орус үйүнүн күнүнүн алкагында өтөт.
Экспозицияны Москванын Л. Н. Толстой атындагы мамлекеттик музей-коругу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана Бишкектеги Орус үйүнүн колдоосу менен даярдаган.
Эркиндик бульварындагы көргөзмөгө 26-сентябрдан тартып барууга болот. Кирүү акысыз.
