Сүрөт ачык булактардан алынды
26 сентябрь
Кыргызстанда 2026-жылы 105 соцобъект, 60 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилди
Кыргызстанда 2026-жылы 105 социальдык объект, 60 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда, 2025-жылы өлкө боюнча 341 инфраструктуралык объект пайдаланууга берилген.
«Быйыл ошондой эле «Бишкек Арена» «Ырыс ордо», Талас, Каракол шаарларында жана Ысык-Көлдө ири объекттер пайдаланууга берилди», - деди ал.
